ОШТУДА “GOLDEN AUTUMN AMERICAN FEST” ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 03.11.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде “Golden Autumn American Fest” аттуу маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Америка маалыматтык-ресурстук борбору тарабынан уюштурулган бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Фестивалды ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Асанбек Акматалиев ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Студенттер “Golden team”, “Team X” жана “Dream team” деген аталыштагы үч команда менен музыкалык номерлер, бий шоу, чыгармачылык көргөзмө жана америкалык пирогдордун дегустациясы менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Фестивалдын жыйынтыгында видеоролик көрсөтүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чара студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана маданий жактан байытууга багытталды.

“Golden Autumn American Fest” — бул америкалык маданий фестиваль, адатта күз мезгилинде өткөрүлүп, студенттерге Америка маданияты менен таанышууга, чыгармачылык жана таланттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер