ОШТУДА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 06.10.2025
- 0
Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам, жалпы кызматкерлер жана студенттер катышты.
Иш-чараны университеттин ректору Ж.Турсунбаев ачып, окуу жайда эмгектенип жаткан бардык профессордук-окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады.
Майрамдык салтанатты ректорат, кесиптик бирлик комитети жана Архитектура жана курулуш институту уюштурду. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан окутуучулар менен кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Ош шаарынын мэриясынын жана ОшТУнун Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле, Ош технологиялык университетинин кесиптик бирлиги майрамга колдоо көрсөтүп, баалуу сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын Маданий эстетикалык борборунун таланттуу студенттери концерттик программасын тартуулашты. Белгилүү породисттер, куудулдар, ырчылар жана бийчилер майрамдык маанайды жандандырып, салтанатка көрк кошту. Архитектура жана курулуш институтунун окутуучулары да ырларды аткарып, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулашты.
ОшТУнун басма сөз кызматы.







Комментарийлер