ОШТУ «ROBO SUMO» МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШТЫ

  • 03.11.2020
  • 0

Ош технологиялык университетинде «STEAM — 21-кылымдын жөндөмдөрүн  өнүктүрүү» долбоорунун  алкагында өткөрүлүп жаткан семинар жыйынтыкталып, мелдеш уюштурулду.

ОШТУ "ROBO SUMO" МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШТЫ

Бул  долбоор  АКШнын  Кыргызстандагы  элчилиги  тарабынан  каржыланып, «YOUTH of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып,  окуу  жайдын  окутуучулары жана студенттери катышышты. Турнирде Ош технологиялык университетинен тогуз команда жана балдар чыгармачыл борборунан алты  команда ат салышты. Катышуучулар атаандаш роботту рингден эффективдүү түртүп чыгарууга жөндөмдүү роботту даярдашы керек болчу. Жалпысынан үч тур болуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер