ОШТУ НАМАНГАНДАГЫ ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 25.01.2023
  • 0

ОШТУ НАМАНГАНДАГЫ ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ош технологиялык университети Өзбекстандын Наманган шаарындагы Наманган мамлекеттик чет тилдер институту менен билим берүү, илим тармагында  кызматташуусун кеңейтет.

ОШТУ НАМАНГАНДАГЫ ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Бул максатта 24-январда ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору А.Зулпуев жетектеген, чет тилдер кафедрасынын башчысы К.Тургунбаева, компьютердик лингвистика кафедрасынын башчысы А. Шерматова, мамлекеттик тил бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ж. Айтибаева иш сапары менен барып келди.

Сапардын алкагында эки окуу жайдын ортосунда меморандумга кол коюлуп, билим жана илим тармагында тажрыйба алмашуу боюнча макулдашылды.

ОШТУ НАМАНГАНДАГЫ ЖОЖДОР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Бөлүшүү

Комментарийлер