ОШТОГУ УСУЛЧУЛАР ҮЧҮН ОКУУ ТУРУ ӨТҮҮДӨ

  • 20.11.2023
  • 0

ОШТОГУ УСУЛЧУЛАР ҮЧҮН ОКУУ ТУРУ ӨТҮҮДӨ

Ош облусунда окуу, жазуу жана математика боюнча жаңы стратегияларды, окуу каражаттарын кийирүү процессинде башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу ошондой эле тажрыйба алмашуу жана туруктуулукту камсыздоо боюнча «Окуу керемет» долбоорунун ишмердүүлүгүнүн алкагында окуу туру өтүүдө.

Ош билим берүү институтунун базасында башталган турга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Кыялбек Акматов, долбоордун координаторлору, институттун жетекчилиги, ошондой эле жети облустун, Бишкек жана Ош шаарынын усулчулары катышты. Турдун ачылыш аземинде институтунун «Окуу керемет» долбоору менен кызматташтыкта алып барган иштери жана жыйынтыктары тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Катышуучулар аталган турдун алкагында Ноокат районунда жана Ош шаарындагы мектептердин ишмердүүлүктөрү менен да жеринен таанышууда.

ОШТОГУ УСУЛЧУЛАР ҮЧҮН ОКУУ ТУРУ ӨТҮҮДӨ

Аталган иш-чара башталгыч класстардын мугалимдери, УББ жана мектеп жетекчилиги үчүн жеринде усулдук колдоону уюштуруу боюнча рай/шаардык БББлардын усулчуларынын потенциалын жорулатуу, усулдук колдоону уюштуруу боюнча областтар жана райондор аралык тажрыйба алмашууну уюштуруу, ошондой эле усулдук иштерди жөнгө салуучу укуктук документтер менен таанышуу максатын көздөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер