ОШТОГУ КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ТӨРТ МИҢ БЕТ КАП ТИГИШТИ

  • 24.03.2020
  • 0

Ош шаарындагы №133, №16 жана №112 кесиптик лицейлер жалпы 4000 даана бет кап тигишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ош шаарындагы №16 кесиптик лицей 1000 даана бет кап тигип, шаардагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатына жардам катарында берди. Учурда дагы кошумча 1000 даана тигилип жатат.

Мындан сырткары, №133 кесиптик лицей 2000 даана бет кап тигишкен. Ал эми №112 кесиптик лицейге райондук ооруканадан 1000 даана бет капка буйрутма түшүп, аны өз убагында даярдашты. Учурда аймактык ооруканалардан, айыл өкмөттөрдөн алган буйрутмаларды даярдап жатышат.

Буга чейин Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин имараттары, жатаканалары санитардык тазалоодон өткөн. Айрым лицейлердин жатаканалары обсервация үчүн даярдалган.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер