ОШТО «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ — 2018» ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 31.05.2018
  • 0

Ош шаарында мектептерден суурулуп чыккан агартуу тармагынын алдыңкылары мыктынын мыктысы наамы үчүн күч сынашты. Жыл сайын окуу жылынын соңунда уюштурулуп келаткан бул сынак «Жылдын мыкты мугалими» деген аталыштагы номинация менен өттү. Шаардык сынакка катышууга буга чейин этаптарда өз мектебинин жеңүүчүсү аталган алдыңкылар жолдомо алышкан.

«Жылдын мыкты мугалими – 2018» номинациясынын жеңүүчүсү ардактуу наамы жана 40 миң сом баш байге №31 Курманжан Датка орто мектебинин математика мугалими Байыева Кларага ыйгарылды. Биринчи орунду Ош шаарынын «Олимп» гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шерипбаева Гүлнур ээледи. Экинчи сыймыктуу орун №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Аликеева Кыялбүбүнүн энчисине тийди. Ал эми үчүнчү орунду №19 Шевченко мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Самиева Зулхумор ээлеп, №37 Г. Айтиев мектебинин чет тили мугалими Токтоназарова Айтбү жигердүү катышкандыгы үчүн сыйланды.

  • Педагогиканын алдыңкы ыкмаларын жайылтуу менен бирге чыгармачылыгын арттырып, агартуу тармагын өнүктүрүүдө баалуу салым кошуп эмгектенип жатышкан мугалимдерди аныктап, аларды сыйлоо максатында көп жылдан бери өткөрүлүп келаткан сынакты бул жолу жагымдуу жаңылык коштоду.

“Жылдын мыкты мугалими — 2018” сынагынын финалдык баскычынын бардык катышуучуларына акчалай сыйлыктар берилип, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Сынакты уюштуруучулардын бири, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулдук каанасынын башчысы Кумарбек Рамановдун айтымында, сынак да, сыйлык да бул тармакта иштеген адамдарды мындан да жогорку ийгиликтерге шыктандырмакчы.

“Жылдын мыкты мугалими” сынагы жыл сайын алгач мектептерде, шаарыбызда, анан республикада өткөрүлүп келет.  Жеңүүчүлөрдү сыйлоо фондунан баш байгени ээлеген мугалимге – 40 миң сом, биринчи орунга – 30 миң сом, экинчи орунга – 20 миң, ал эми үчүнчү орунду алган мугалимге – 15 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Андан башка жигердүү катышкандарга да кызыктыруучу баалуу сыйлыктар болду, — дейт Тынчтыкбек Досмуратов.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер