ОШТО “БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫБЫЗ” ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫ

  • 14.05.2018
  • 0

Ош шаарында КР Билим берүү жана илим министрлиги, балдардын республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы өтүүдө.

ОШТО “БИЗ – XXI КЫЛЫМДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРЫБЫЗ” ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР СЫНАГЫ

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратовдун берген маалыматына таянсак, бул сынакка республиканын бардык аймактарынан жаш ойлоп табуучулар, жогорку окуу жайлардын: Ош технологиялык университети, И.Раззаков атындагы КМТУ, Б.Ельцин атындагы КОСУ, Н.Исанов атындагы КМКТАУ, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ОшМУ, ЖАМУнун студенттери жана Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Белорусия, Орусиядан (Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан) окуучулар катышууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда бул жылы сынак жыйырма биринчи жолу уюштурулуп, бул жолкусу Ош шаарында өткөрүлүп жатат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер