ОШМУНУН ОКУМТУУЧУЛАРЫ ТАШКЕНТТЕ  

  • 21.01.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин бир катар окутуучулары 15-18-январга чейин Улук Мирзо атындагы Ташкент улуттук университетинде болуп, тажырыйба алмашып, конок лекцияларды окуп келишти.

ОШМУНУН ОКУМТУУЧУЛАРЫ ТАШКЕНТТЕ  

Сапардын алкагында  ф.-м.и.д., профессор Д. Турсуновдун “Асимптотика решения бисингулярно возмущенных задач” аттуу конок лекциясына аталган  университеттин математика факультетинин академик, доктор, илимдин кандидаттары катышса, доцент Б. Азимов жана улук окутуучу Г. Абдугуловалардын лекциясына магистранттар катышышты.  Ошондой эле профессордук-окутуучулук курам, магистрант, студенттер менен пикир алышып, тажрыйба бөлүшүп, аталган окуу жайдын сертификаттарына ээ болушту. Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген иш-чарага  математика жана информациялык технологиялар факультетинин эл аралык байланыштар боюнча деканынын орун басары Гулмира Шамшиева уюштуруп барган.

Бөлүшүү

Комментарийлер