ОШМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КЛИНИКАСЫНДА АЛГАЧКЫ  ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

  • 27.01.2023
  • 0

ОШМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КЛИНИКАСЫНДА АЛГАЧКЫ  ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

ОшМУнун медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.

ОШМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК КЛИНИКАСЫНДА АЛГАЧКЫ  ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы  жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтуүү жасап бүттүк”, — деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.

ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай тез жардам унаасын да сатып алган.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер