ОШМУНУН КАРА-СУУДАГЫ ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ 

  • 30.10.2018
  • 0

Ош мамлекеттик университети 24-сентябрда Кара-Сууда дагы бир гимназия ачты.

ОШМУНУН КАРА-СУУДАГЫ ГИМНАЗИЯСЫ АЧЫЛДЫ 

Гимназия 120 орунга ылайыкташкан. Учурда атайын сынактын негизинде кабыл алынган 60ка жакын окуучу 8-9-10-11-класстарда билим алып жатышат. Ал жакта кыргыз тили менен бирге орус, англис, кытай, түрк тилдери, табигый жана так илимдер тереңдетилип окутулуп, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо иштери жүрөт. Ошондой эле «Улуттук тарбия жана заманбап билим» концепциясын калыптандыруу үчүн комуз, бий, тигүүчүлүк, спорттук , IT (маалыматтык технологиялар) багытындагы ийримдер окутулат.

Ачылыш салтанатка келген коноктор университет тарабынан материалдык-техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар, акыркы үлгүдөгү компьютерлер, окуу куралдары менен камсыздалган, заман талбына ылайык жасалгаланган окуу кааналары менен таанышып чыгышты. Алар  ушул гимназиядан келечекте мекенге кызмат кылган мыкты адистер тарбияланып чыгуусун тилек кылып, бата беришти.

“Аймактарда ОшМУ гимназияларды ачуу менен гана чектелбейт. Биздин тажрыйбалуу окутуучулар райондордун мектеп мугалимдерине ушул гимназиялар аркылуу усулдук жардам берип, окуу курстарын уюштуруп турушат. Ал эми ОшМУнун гимназияларында билим алып жаткан окуучулар ортосунда олимпиада, интеллектуалдык, спорттук мелдештер, достук фестивалдары уюштурулат”, — деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков өз сөзүндө.

Бөлүшүү

Комментарийлер