ОШМУНУН ГИМНАЗИЯЛАРЫ ЗАМАНБАП БИЛИМ, УЛУТТУК ТАРБИЯ БЕРЕТ
- 01.10.2018
- 0
Ош мамлекеттик университети аймактарды өнүктүрүү жылына карата жана билим берүүнүн сапатын арттыруу, балдарды улуттук баалуулукка тарбиялоо максатында региондордо үч гимназия ачты. Биринчиси 19-сентябрда Кара-Кулжа районунда ачылса, экинчиси 21-сентябрда Ноокатта ачылды. Кара-Суудагы мектептин ачылышы ушул жумада болот.
Кара-Кулжа гимназиясы 120 окуучуга ылайыкташкан, учурда 8-класстан баштап 11-класска чейин 60 окуучу билим алып жатат. Ноокат гимназиясы болсо 150 орунга ылайыкташкан. Бул жакта дагы 60ка жакын окуучу бар. Мектептерге окуучулар атайын сынактын негизинде тандалып алынды.
Гимназияларда заманбап билим алууга шарттар түзүлгөн. Университет тарабынан материалдык-техникалык каражаттар, интерактивдүү доскалар, акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыздалып, окуу кааналары заман талабына ылайык жасалгаланган. Алыскы айылдардан келип окуган окуучулар үчүн жатакана бөлмөлөрү түзүлгөн. Мектептер Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик стандартына ылайык тереңдетип билим берүүнү ишке ашырат. Окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша түрдүү ийримдер иштейт. Тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан мамлекеттик тил менен биргеликте чет тилдери, гуманитардык, табигый, так илимдери тереңдетилип окутулат. Жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадаларга даярдалат. Күндүн биринчи бөлүгүндө базалык билимдер берилсе, күндүн экинчи бөлүгүндө атайын ийримдер иш алып барат. Ошондой эле «Улуттук тарбия жана заманбап билим» концепциясын калыптандыруу үчүн комуз, тигүүчүлүк, спорттук ийримдер (улуттук жана жалпы), IT (маалыматтык технологиялар) багытындагы ийримдер иштейт.
— Биз улуттук тарбия менен биргеликте сапаттуу заманбап билим берүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бул мекемелерде тарбияга негизделген окутуу жүргүзүлөт. Кыргыз, орус, англис тилдери, ата-энелердин тандоосу боюнча кытай жана түрк тилдери кошумча окутулат. Ар биринин сааттык көлөмү эки эсе жогору болот, жумасына кыргыз тили төрт саат болсо, биз сегиз саат окутабыз. Мисалы, бала мектепке эртең менен сегизде келсе, кечинде алтыда кетет. Табигый, так жана гуманитардык илимдер да тереңдетилип окутулат. 11-классты бүткөн бала дүйнө таанымы жогору, потенциалдуу абитуриент болуп чыгышы керек. Ошондуктан мектептерде жогорку класстардын окуучуларын жалпы республикалык тестке даярдайбыз. Жыл сайын жүз баланы биз өзүбүздүн лицейден эле кабыл алабыз. Алар бизге тапшырганда эч кыйынчылыгы жок бат эле аралашып кетишет. Гимназияларыбыздын бүтүрүүчүлөрүнө дагы ушундай шарт түзүп беребиз, — дейт университеттин ректору Каныбек Исаков.
Жаңы ачылган үч гимназияга кадрлар атайын сынак менен тандалып алынды. Алардын көбүнчөсү ОшМУну аяктаган күчтүү студенттер. Окуу жайдын “Билим” гимназиясында, “Ыйман” лицейинде жана “Зирек” балдар билим берүү борборунда 4-5 жыл иштеген, мыкты кадрлар мектептерге директор, завуч, бөлүм башчылыкка коюлду. Алар окуучуларга заманбап технологияларды колдонуу менен сапаттуу билим берүүгө тийиш. Ал үчүн мектептерде бардык шарттар түзүлгөн.
Класстарда окуучулар 20дан ашпайт. Бул болсо мугалимдин ар бир бала менен жеке иштешкенине мүмкүнчүлүк түзүп, билимдин сапатын арттырат. Окуучулар түшкө чейин окушса, түштөн кийин сабактар кружок катары улантылып, үй тапшырмаларын мектептен мугалимдердин көзөмөлүндө аткарышат.
Ар бир окуучу ай сайын 2800 сомдон төлөйт. Ал каражаттар мугалимдердин эмгек акысына, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жумшалат. Балдардын тамактануусуна атайын ашканалар кызмат кылат. Алар ата-энелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барышат.
- Сапаттуу билим берүү үчүн инфраструктура дагы талапка жооп бериши керек. Себеби балдардын окуган жери кенен, жарык, көркөм жасалгаланса баланын аң-сезими да ошончолук жогору болот. Билим алган жайдын шартына жараша мугалим менен окуучунун баскан-тураны, кийингени, сүйлөгөнү оңолот. Анткени канчалык жогорку шарт түзүлсө, мугалимдер дагы ошончолук көңүлдөнүп, чыгармачылык менен иштейт, — дейт жетекчи.
Ноокат районундагы гимназиянын ачылышына катышкан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева учурда мамлекет тереңдетип билим берүүгө ыңгайлашкан мектептерге муктаж болуп жатканда бул демилге колдоого аларлык экендигин айтып, ОшМУнун аймактардагы билим берүүнү көтөрүү багытындагы жасап жаткан иштери өлкө аймагына үлгү болушу керектигин баса белгиледи.
Улуттук тарбияга басым жасалат
Бул мектептерде тарбияга негизделген билим берилет. Өзгөчө улуттук тарбияга басым жасалат. Ал үчүн окуу жай тарабынан атайын модель иштелип чыккан.
- Окуу жайдын “Билим” гимназиясы, “Ыйман” лицейи жана “Зирек” балдар билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнүн негизинде өзгөчө жаңы моделдеги улуттук гимназияны түзүүнүн моделин иштеп чыктык. Бул кандай модель? Албетте, биринчи кезекте заманбап билимге, андан кийин улуттук тарбияга басым жасадык. Мектептерде күн сайын улуттук тарбиянын негиздери окутулат. Балдарды Мырза жигит концепциясынын негизинде окутабыз. Азыр кыргыздын мырза жигити кандай болушу керек, кандай сапаттарга ээ болушу керек деген олуттуу маселе жаралып жатат. Себеби 1991-жылдан кийинки төрөлгөн балдар азыр ата-эне болушту. Бул жылдары төрөлгөн балдар өздөрү туура, татыктуу тарбия алышкан жок. Анан алар кантип баласын тарбиялайт. Ошондуктан биз Кыргызстанда биринчи жолу заманбап улуттук мектептин моделин түзүп чыктык. Ар бир уул бала эртең бир үй-бүлөнүн ээси болот, элге-журтка кызмат кыла турган жигит болот. Ал үчүн сөзсүз түрдө кыргыздын салттарын, баалуулуктарын билиши керек. Жөнөкөй эле отун жаргандан баштап, койду жиликтеп, балага тарбия бергенге чейин мектептен үйрөнүшү керек. Керек болсо кыргыздын нарк-насилин биздин балдардан ата-энелери үйрөнгөнгө жеткиребиз. Кыздар болсо Кыз айым концепциясы менен тарбияланат. Кир жуугандан баштап кийим үтүктөгөнгө, тамак жасаганга, бала тарбиялаганга, керек болсо баланы бешикке бөлөгөнгө, баланы туура тамактандырууга чейин мектептен үйрөнөт. Андан сырткары биздин гимназияларда окуган балдар биринчи кезекте ЖРТдан жогорку балл алышы керек. Экинчиден, түрдүү олимпиадаларга катышып, олуттуу жыйынтыктарды бериши зарыл. Үчүнчүдөн, жан дүйнөсү адам суктана турган касиеттерге бай, ыймандуу, тарбиялуу, илбериңки, мекенди сүйгөн, мекенге кызмат кыла турган балдар чыгышы керек. Биздин максат мына ушунда, — дейт К.Исаков.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер