ОШМУДА ЖЫЙЫНДАР ZOOM ПРОГРАММАСЫ АРКЫЛУУ ӨТҮҮДӨ

  • 30.03.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ректораттын өкүлдөрү, структура жетекчилеринин катышуусунда ZOOM программасы аркылуу он-лайн режиминде жыйын өткөрдү.

ОШМУДА ЖЫЙЫНДАР ZOOM ПРОГРАММАСЫ АРКЫЛУУ ӨТҮҮДӨ

Административдик кеңеште  ОшМУда окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун абалы каралып, ишти жакшыртуу үчүн сунуштар, пикирлер айтылды.

“Биздин окуу жайда дистанттык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү 2012-жылдан тартып ишке ашып келген, учурда бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Университетибиздин программисттери KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен биргеликте студенттерге ыңгайлуу болгон жаңы   программа иштеп чыгышты. Башкача айтканда, биринчи жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди кеңири колдоно баштады”, — деген окуу жай жетекчиси, окуу процессин он-лайн режиминде  үзгүлтүксүз уюштурууну күчөтүү тапшырмасын берди.

Ар бир факультет, колледждерде кураторлордун студенттер менен байланышы бекемделип, ар бир студент менен тыгыз кайтарым байланышта болуп туруулары керектигин эскертти.

Ар түрдүү маселелерде окуу жайдын ар бир жамааты менен тиешелүү жетекчилерди он-лайн байланышта болуп, ар бир жамааттын мүчөсүнүн үй-бүлөлүк абалы, турумуш-шарты боюнча кабардар болуп турууга чакырды. Ошондой эле тиешелүү жагдайлар болсо жетекчиликке кайрылып, билдирип турууларын тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер