ОШМУДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

  • 03.11.2020
  • 0
ОШМУДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Ош мамлекеттик университетинде   2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, маданият тармагында эмгек сиңирген окутуучулар сыйланды.

ОШМУДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Салтанатка университеттин профессордук-окутуучулук курамы, Искусство факультетинин жамааты, студенттер катышышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Искусство факультетинин таланттуу окутуучуларынын, студенттеринин концерттик программалары тартууланды.

ОШМУДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Жалпы маданият кызматкерлерин куттуктаган ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков https://www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=99&id2=15087 университеттин маданий-массалык иш-чараларына активдүү катышкан университеттин структураларын, жаштарга билим берүү менен маданият, искусство тармагында эмгек сиңирген окутуучуларды куттуктап, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун Ардак грамоталарын, дипломдорун тапшырды. Ошондой эле май айында Улуу Жеңиш майрамына карата пандемия шартында онлайн  уюштурулган студенттер арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүнө диплом, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

ОШМУДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

ОшМУда ноябрь айы «Жаштар-илим, искусство, маданият» айлыгы деп жарыяланган.

Поделиться

Комментарии