ОшМУда КЫРГЫЗ-ИСПАН БОРБОРУ АЧЫЛАТ

  • 06.09.2022
  • 0

ОшМУга Испаниянын Кадис университетинен келген делегация конок лекцияларды өтүп, окуу жайда ачылып жаткан кыргыз-испан борборунун ачылышына катышат.

ОшМУда КЫРГЫЗ-ИСПАН БОРБОРУ АЧЫЛАТ

Испаниядан келген делегация ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов жана аталган жогорку мектептин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүнүн бөлүм башчысы, программа жетекчилери менен жолугушту. Делегация курамында Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес, тил саясаты боюнча башкы директору Хавьер де Кос, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча эл аралык университеттик борбордун жетекчиси Андрес Сантана бар.

ОшМУда КЫРГЫЗ-ИСПАН БОРБОРУ АЧЫЛАТ

Эки тарап буга чейин макулдашылган биргелешкен PhD программаларын ишке ашыруу, окумуштуулар үчүн стажировкаларды уюштуруу, диссертацияларга биргелешип жетекчилик кылуу, бакалавр, магистратура, тил үйрөтүү программалары жана ОшМУнун базасында ачылып жаткан Кыргыз-Испан борбору тууралуу пикир алышты.

Делегация ОшМУда 3 күн болуп, окуу жайдын структуралары менен таанышып, конок лекцияларды өтүшөт. Кадис университетинен келген меймандар ошондой эле Кыргыз-Испан борборунун ачылышына катышат.

Учурда ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүндө испан тили 1-2-курста милдеттүү түрдө окутулуп келет. Талапка ылайык, студенттер 3-курстан тартып «Эразмус+» программасына катышып баштайт.

ОшМУда испан тили борбору да бар. ОшМУ Кадис университети менен «Эразмус+» программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер