ОШМУДА ЭМГЕК АКЫ ЖОГОРУЛАДЫ
- 18.12.2018
- 0
Ош мамлекеттик университетинде 1-декабрдан тартып эмге акы жогорулайт. Мындай чечим окуу жайдын административдик кеңешинде кабыл алынды. Эми профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлеринин салыштырмалуу кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 40% дан жогору эмгек акы кошулат.
Ош мамлекеттик университети жыл сайын эмгек акыны ырааттуу жана системалуу түрдө үзгүлтүксүз жогорулап келе жатат. Акыркы жети жыл аралыгында 8-ирет жогорулашы.
Университеттин ректору Каныбек Исаков эмгек акылардын жогорулашы боюнча: «Окутуучуларыбызга мүмкүн болгон бардык шартты түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып келе жатабыз. Мунун баары билим сапатын жогорулатуу максатында ишке ашууда. Университеттин ички резервинен, окуу жайда ыксыз чыгымдарды кыскартуунун, үнөмдөөнүн натыйжасында эмгек акыларды өстүрүүгө шарт жаралууда», — деди.
Белгилей кетсек, декабрь айында эмгек акыдан сырткары ар бир кызматкер Жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө 13-айлык сыйлык акча да алышат.
Комментарийлер