ОШМУ АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ   ПРОГРАММА ИШТЕП ЧЫКТЫ

  • 26.03.2020
  • 0

Эми ОшМУнун өлкөнүн бардык аймактарында жашаган студенттери көйгөйсүз он-лайн сабактарга катыша алышат.

 ОШМУ АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ   ПРОГРАММА ИШТЕП ЧЫКТЫ

Ош мамлекеттик университети он-лайн билим берүүнү колго алып, алгачкы күндөн тартып www.oshsu.kg расмий сайтынан жана avn.oshsu.kg дареги аркылуу электрондоштурулган “Билим берүү порталы”, WhatsApp, Instagram, Facebook социалдык тармактары, Moodle, Google Classroom аралыктан ачык билим берүү ресурстары жана Zoom, Skype, Empathy, Linphone, Ekiga, Google Talk видео-конференция уюштуруучу программалар аркылуу билим берип, студенттер менен кайтарым байланыштар болуп келди. Бирок бир эле учурда бир студент сегиз предметтен билим алса, сегиз окутуучунун түрдүү программалардын кызматын пайдалануу менен билим берип жаткандыгы студенттерге ынгайсыздык жараткан. Бул маселени чечүү максатында  М-Вектор уюмунун изилдөөсүнө таянып (Колдонуучулардын 20% ноутбук менен стационардык компьютерлерди колдонушат, ал эми аймактарда болсо колдонуучулардын 94% интернетке смартфон аркылуу киришет) окутуучулар менен студенттер аралыктан көз карандысыз байланышып, бирдиктүү системада болуусун эске алуу менен KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрүнө сунуш берилип, бул багытта бирдиктүү программа иштелип чыкты.

 ОШМУ АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ   ПРОГРАММА ИШТЕП ЧЫКТЫ

Буга чейин студенттер KelBil тиркемеси аркылуу жадыбалдарды, келишимдик акыларын, окуу жай тарабынан жөнөтүлгөн жарыяларды, өзүнүн жетишүүсү тууралуу маалыматтарды ала алышчу.

 ОШМУ АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ   ПРОГРАММА ИШТЕП ЧЫКТЫ

Учурда KelBil тиркемеси жаңыланып, WhatsApp группалар аркылуу студенттерге жөнөтүлдү. Play маркетте жакынкы күндөрдө жаңы версиясы орнотулат.

Жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык сабактардын материалдарын түз эле KelBil программасындагы сабактын жадыбалына (расписаниеге) илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Жогорудагы көрсөтмө аркылуу жадыбалга сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда, биринчи жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 ОШМУ АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ   ПРОГРАММА ИШТЕП ЧЫКТЫ

Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди кеңири колдоно баштады.

 ОШМУ АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ҮЧҮН ЖАҢЫ   ПРОГРАММА ИШТЕП ЧЫКТЫ

Кошумчалай кетсек, учурда iBooks.oshsu.kg электрондук китепканасы аралыктан окутууда кеңири пайдаланылууда. ОшМУ тарабынан түзүлгөн электрондук китептердин маалымат базасында 10 000 ашык электрондук китеп бар. Алгач университеттин окутуучулары, студенттери үчүн гана ачылган. Учурдагы жагдайга байланыштуу  өлкөбүздүн баардык аймагында жуманын жети күн ичинде 24 саат бою аралыктан окуу жайдын китепканасынын электрондук базасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди.

Материалдагы сүрөттөрдө он-лайн сабак өткүн окутуучулар ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин доценти Аида Келдибекова,  алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Толкун Папиева, ИТАС кафедрасынын башчысы Улар Молдояров, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин фонетика жана грамматика кафедрасынын окутуучусу Даирбек Дүйшөбаевдер.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер