ОШ ШААРЫНДАГЫ ЯПОН КҮНДӨРҮ

  • 07.10.2025
  • 0

17-18-октябрда Ош шаарында «Япон маданиятынын күндөрү» өтөрүн Япониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

ОШ ШААРЫНДАГЫ ЯПОН КҮНДӨРҮ

Иш-чаранын алкагында япон тасмалары көрсөтүлөт, япон добулбастарынын «Ооэдодайко» ансамбли концерти берет. Шаардыктар ошондой эле япон маданиятынын жетишкендиктерине күбө болот.

Кыргызстандын Кэндо Федерациясынын көрсөтмө оюндары, «Суши Бармак» тобунун өнөрү тартууланып, япон маданияты боюнча мастер-класстар болот. (КБ)

Бөлүшүү

Комментарийлер