ОШ ШААРЫНДА «ЖАШ МУГАЛИМ — 2018» СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

  • 31.05.2018
  • 0

Ош шаарында алгач ирет «Жаш мугалим — 2018» сынагы өтүп, ал Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын тарабынан уюштурулду.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратовдун берген маалыматына таянсак, Ош шаарындагы төрт миңге жакын мугалимдеринин арасынан суурулуп чыгып, сынактын буга чейинки баскычтарында майда көздүү чоң электен өтүп келген финалисттер жобого ылайык стажы үч жылдан өтпөгөн билим берүү кызматкерлеринин арасынан тандалды.

  • Алар Ош шаарындагы Юрий Гагариндин атын алып жүргөн №17 мектеп гимназиясынын математика мугалими Таабалдиев Сүйүнбай, эки элдин достугуна орток көпүрө “Кыргыз-түрк достугу” атындагы №52 лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шамырзаев Илгиз, Жапалак айылында жайгашкан №48 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мухамеджан кызы Айдай, дагы бир кыргыз тили жана адабияты мугалими, №33 Самудин Алымкулов орто мектебинин жаш адиси Орозбекова Ырысгүл, шаардагы жалгыз интернат — №11 Валентина Терешкова мектебинин информатиги Касымов Эламан, буга чейин өткөрүлгөн мугалимдердин диагностикалык аттестациясында тарых мугалимдеринин арасында 1-орунду ээлеген №18 Алишер Навои мектеп гимназиясынан келген Бабаназар уулу Исабек, жаш экенине карабай, таптаган окуучулары республикалык таймаштарда беттегенин бербей келе жаткан, № 27 XXIV Партсъезд орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл болду, — дейт башкармалыктын адиси.

Сынактын финалдык баскычынынын жети катышуучусуна  калоо-тилегин айтуу менен бул салтанаттуу иш-чаранын негизги бөлүгүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Асанов Авазбек ачып берди. Ал жаш мугалимдердин демине дем, күчүнө күч кошкон баалуу сөздөрдү айтуу менен, бул сынак жаш мугалимдердин айталбай жаткан ички көйгөйлөрүн элге айтып алуу үчүн ачылган мүмкүнчүлүк экенин баса белгилеп өттү.

Сынактын финалдык баскычында «Менин педагогикалык өнөркаанам» аттуу көргөзмөлөр болуп, мында жаш мугалимдер өздөрүнүн усулдук колдонмолорун жана башка жасаган иштерин элге көрсөтө алышты. «Сапаттуу билимге такшалган мугалим» аттуу өздүк презентацияда  катышуучулар педагогикалык концепцияларын коргошту. Ошондой эле мастер-класс, башкача айтканда педагогикалык кырдаалдан чыгууну көрсөтүшсө, полиглот мүнөтүндө конкурсанттар түрдүү педагогикалык терминдерди чечмелеп беришти. Ал эми блиц-турнирде чукул суроолор берилип, финалисттер жооп жазышты. Эң соңку «Өнөр – кесип тандабайт» аттуу бөлүктө таланттуу мугалимдер кесиптик жана чыгармачылык шыктарын элге тартуулап берди.

— Бүгүнкү сынактын буга чейинки баскычтары тууралуу азыноолак айтып өтсө, алгач мектептик баскычы өткөрүлүп, андан суурулуп чыккан катышуучулардын саны кыркка чукулдап, үстүбүздөгү жылдын башында андан тандалып чыккан 18 мугалимдин ачык сабактарына күбө болдук. Андан сырткары бул сынакка катышкан кесиптештерибиздин мугалимдердин диагностикалык аттестациясында алган упайлары эске алынды. Сынактын кыл көпүрөсү, майда көздүү элегинен өткөн жети финалчы үчүн социалдык баракчаларыбызда добуш берүү уюштурулуп, андагы кызуу талкуулар интернет бетин бербей келди, — деп айтты уюштуруучулардын бири Тынчтыкбек Досмуратов.

Анын айтымында, билим берүү кызматкерлерин ар тараптан колдоого алып, көмөк көрсөтүп, бул кароо-сынакты да демилгелеп, демөөрчүлүк кылып, мугалимдерди чыгармачылык менен иштөөгө үндөп келген Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев атайын борбор шаардан келип, сынактын финалдык баскычына баштан-аяк катышып, сөзгө чыккан.

А. Нурбаев бул сынактын жүрүшүндө өздөрүнүн умтулуусу менен предметтик олимпиадада республикада Ош шаарын алга сүрөгөн окуучуларды жана билим берүү жараянына зор салым кошуп келе жаткан мугалимдерди, ошондой эле сынактын финалдык баскычынын катышуучуларын баалуу белектер жана акчалай сыктыктар менен сыйлады.

Жыйынтыгында № 27 XXIV Партсъезд мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл баш байгени багындырып, атайын акчалай, грамота жана А. Нурбаевдин “Жаш мугалим” мөөрөйү (кубогу) менен сыйланды. Андан башка беш катышуучу дагы алган орунуна жараша акчалай сыйлык жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын грамоталары менен сыйланы.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер