ОШ ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАР ДИАГНОСТИКАЛЫК СЫНАКТАН ӨТҮШӨТ

  • 28.01.2019
  • 0

Бишкек шаарында өткөн “Санариптештирүү шартында билим берүү системасынын өнүгүшү” аттуу тегерек столуна келген Ош шаардык билим  берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов редакцияга баш багып, мектептердеги жаңылыктар менен бөлүштү.

ОШ ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАР ДИАГНОСТИКАЛЫК СЫНАКТАН ӨТҮШӨТ

— Биз билгенден Ош шаардык билим берүү башкармалыгы окуучулардын предметтик олимпиадасын эбак эле электрондоштурган эле?

— Ооба. Предметтик олимпиаданын II баскычын электрондоштурууда  пилоттук өткөрүүгө Билим берүү жана илим министрлигинен  уруксат алганбыз. Ал өз нугунда өнүгүп атат. Биринчи жылы россиялык программанын алкагында иштесек, кийин аны кыргызчага которуп, жаңы программа менен иштеп келгенбиз. Быйыл аны мезгилдин талабына ылайык, заматта телефон аркылуу текшерүү тепкичине көтөрүлдү десек болот. Тесттин жыйынтыгын чыгарганда, ошол эле жерден окуучунун упайын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул смартфондо атайын тиркеме менен тестке гана ылайыктуу. Аны жайылтуу максатында Ош шаарында окуучулардын диагностикалык сынагын көз карандысыз өткөрүүнү колго алдык. Буга предметтик мугалими, класс жетекчи катышпайт. Бул мектептин директорунун деңгээлинде өтөт, директор көзмөлдөйт. Программаны өздөштүрүү боюнча ар бир мектептен бирден мугалим, негизинен информатика предметинин мугалимдери жооптуу катары дайындалып, натыйжалуу иш алып барышууда. Ар ким өзүнүн  телефонундагы тиркеме менен текшерип, дароо жыйынтыгын чыгарат. Чейрек бааны дагы ушул тесттин жыйынтыгы менен чыгарууну сунуштап жатабыз. Бул аракеттин негизинде мектептерде ич ара диагностика, мониторинг жүргүзүүнү системалаштырдык десек болот.

Андан тышкары түрдүү кароо-сынактарды компьютерге байланыштырып өткөрүүнү колго алдык. Мисал келтире кетсем, өткөн жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чыңгыз Paint” аттуу конкурс өткөрүп, окуучулар чыгармалардагы каармандарды же окуяларды компьютердин жардамы менен сүрөткө тартып, жыйынтыктадык. Ошондой эле “Жаш программист” аттуу долбоорубуздун алкагында түрдүү сынактарды уюштуруп келебиз. Айрым окуучулар өз оюн сүйлөп айтып бере албаганы менен, компьютерде иштеп, темалар боюнча эмгеги аркылуу билдиришти. Атап айтсак, анимациялык тасмаларды жаратуу боюнча уюштурулган конкурста көпчүлүк окуучунун негизги темасы мектеп рэкетчилиги болду. Окуучулардын сценарийинде бул темада акыры оң каармандын жеңип чыгуусу менен аяктап, терс каарман — бул рэкет деп аныкталды.

ОШ ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАР ДИАГНОСТИКАЛЫК СЫНАКТАН ӨТҮШӨТ

— Шаардагы мектептин баары эле интернетке туташтырылганбы?

— Шаарыбызда 78 мектеп, анын ичинен 55 мамлекеттик. Баары эле туташтырылды деп эсептесек болот. Ошентсе да, интернет ылдам иштесе, мектептеги бардык кааналарга, айрыкча, информатика каанасына жеткиликтүү болсо, толук кандуу туташтырылган десек болот. Ал эми интернетти иштете келгенде, аны толук өздөштүрө албаган мугалимдер бар экендигин да тана албайбыз. Бул боюнча компьютердик, санариптик, мобилдик жана медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча түрдүү окуучуларды уюштуруп жатабыз.

Учурда Ош шаарында 3000ден ашуун мугалим болсо, анын ичинен 2700гө жакыны мамлекеттик мектептерде иштешет. Мамлекеттик 55 мектептин ичинен онунда толук кандуу кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлөт, 13 кыргыз-орус аралаш, 1 өзбек тилиндеги мектеп, 20 өзбек-орус тилдүү, 2 үч тилде окуткан, 9 мектеп нукура орус тилдүү мектептер бар.

— Менин билишимче, жакындан тарта социалдык тармактар аркылуу “Жаш мугалим — 2019” сынагын өткөрүп жатасыздар? Бул сынакты да электрондук форматта өткөрө баштадыңыздарбы?

ОШ ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАР ДИАГНОСТИКАЛЫК СЫНАКТАН ӨТҮШӨТ

— Бул сынак өткөн жылдан тарта Ош шаарында гана өтүп жатат. ЖКнын депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаевдин колдоосу менен жаш мугалимдердин сынагы эки жылдан бери башкармалыгыбыз тарабынан уюштурулуп жатат. Бул сынакта жаш мугалимдердин ачык сабактары бааланып, алардын социалдык түйүндөрдөгү топтогон упайлары да эске алынат. Максат – жаш адистер заманбап технология менен иштегенди үйрөнсүн дегенибиз. Быйыл сынактын катышуучуларынын бир минуталык сабагынан ролигин ютубга, сүрөтүң инстаграм менен фейсбукка жайгаштырганбыз. Анан ар бир мугалимдин бирге иштеген кесиптештери дагы “жактыны” (like) басып, ошол аркылуу дагы заманбап технология менен иштешкенди үйрөнүшөт.

ОШ ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАР ДИАГНОСТИКАЛЫК СЫНАКТАН ӨТҮШӨТ

Дагы бир жаңылык, быйылкы жылы жогоруда айтылгандай медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча мугалимдерди окуттук. Муну менен катар ар бир мектепке медиа-борборлорду уюштурдук. Мындагы максатыбыз — мектеп турмушундагы, деги эле билим берүүдөгү жаңылыктарды социалдык тармактар аркылуу коомчулукка чыгаруу. Аталган борборлордун негизги милдети —  сөзсүз медиа-бурчу, стенгазетасы болушу керек, анан интернетте официалдуу баракчалары болушу зарыл.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер