ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

  • 31.05.2018
  • 0

ОГПИ — сиздин максатыңызды аныктап, ага жетүүгө көпүрө болуп берет

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

Урматтуу абитуриент! Ардактуу ата-эне!

Азыр сиздердин алдыңыздарда келечек тагдырды чечүүчү кадамды таштоо милдеди турат. Бул – эң жоопкерчиликтүү, тандоодо кыйынчылыкты жараткан  олуттуу кадам.

Биздин максат – сиздердин муктаждыкты канааттандырып, келечекке туура кадам таштоодо  эң оптималдуу, ыңгайлуу, заманбап жолду тандап берүү, жол көрсөтүү. Сиздерди билим берүүнү интеграциялоонун агымында башка окуу жайлардан артта калбай, коомчулукта өз үнү, өз максат миссиясы менен келе жаткан Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна чакырам.

Биздин коом алдындагы миссиябыз эртеңки Кыргызстан үчүн мугалимдердин устатын, илимде жаңыча из салган педагог – изденүүчүлөрдү же болбосо жөн гана жаш жеткинчектен турмушта орду бар толук кандуу инсанды тарбиялоо болуп саналат. Албетте бул максат куру кыял менен ооз көптүрүп убада берүүдөн өзүнөн өзү ишке ашпайт. Максатка жетүү үчүн заман талап кылган агымдан артта калбай, информациялык – технологиялык жактан камсыз болуп, жаңы үлгүдөгү билим берүү жолун тандап, атаандаштыкка туруштук берип келе жатабыз.

Ар бир кесип – ардактуу. Бирок, ошол кесиптердин ичинен мугалимдик кесип баарынан улук. Ар бир ийгиликтүү инсандын, спортсмендин, музыканттын, бизнесмендин, атүгүл мугалимдин да артында устаты бар. Андыктан сиздерди дүйнөдөгү эң популярдуу кесиптердин башаты болгон мугалимдик кесипти тандоого чакырам.

Жаркын келечек кимдики? Албетте өз ишин мыкты билген, кесипкөй, ар тараптуу өнүккөн, көп тил билген профессионалдуу адистики.

Жаркын келечегиңизди биз менен куруңуз!

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

Биздин окуу жай КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен учурда актуалдуу болуп жаткан көп тилдүү адистерди даярдоонун пилоттук программасына киргизилген. Учурда ОГПИде бир эле адисти кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдоо жумушу кызуу жүрүп жатат. Үч төрт жылдан соң бул аракетибиз өз жемишин берет деп терең ишенебиз!

Андыктан урматтуу достор, ата-энелер, эгерде мыкты педагог, белгилүү спортсмен, ырчы, чыгаан инсан болууну кааласаңыз, бизди – ОГПИни тандаңыз. Биздеги билим алууга түзүлгөн шарттар сиздин тандооңузга кепилдик боло алат.

Андыктан  куттуу окуу жайыбызга кош келиңиздер!

ОГПИнин ретору п.и.к.,профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович

 

 Дүйшөндөр учкан алтын уя

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

Кыргызстандын орто мектептерине педагог адистерди даярдоонун түптүү устаканасы болгон Ош гуманитардык — педагогикалык институтунун тарыхы 1925-жылдан башталат.  Ош гуманитардык — педагогикалык институту Кыргызстандын түштүгүндө Ош педагогикалык окуу жайы катарында биринчилерден болуп ачылган.

1994-жылы Билим берүү министрлигинин коллегиясынын чечими менен Ош педагогикалык окуу жайы – Ош  педагогикалык колледжи болуп түзүлүп, педагогикалык багыттагы жаңы бир топ  адистиктер ачылган.

1996-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №470-токтомунун негизинде   Ош педагогикалык колледжи — Ош жогорку колледжи болуп  түзүлгөн.

2002-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн №316-токтому менен Ош Жогорку колледжине  Ош гуманитардык-педагогикалык институту деген статус берилген.

 

Кылымдык тажрыйбалар

Кылымга жакын педагогикалык иш тажрыйбага ээ, кадырлуу кесиптин татыктуу ээлерин даярдаган агартуучулардын устаканасы болгон Ош гуманитардык-педагогикалык институту эл агартуу майданында кадрларга болгон муктаждыкты жана билим берүүдө  пайда болгон көйгөйлөрдү чечип келет.

Биздин студенттердин 95 пайыздан ашыгы айыл жергесинен. Демек, элет жергесиндеги жана тоолуу аймактардагы мектеп көйгөйлөрү ОГПИ менен байланыш аркылуу чечилип, оң натыйжаларын берген учурлар арбын.

Билим берүү реформасынын иш чараларынын алкагында айыл мугалимдерин даярдоонун өзгөчө шарттарына көңүл бөлүп, Ош гуманитардык-педагогикалык институту Ош облусунун Чоң-Алай, Кара Кулжа жана Кара-Суу  райондоруна,  Баткен облусунун Баткен районуна жана Жалал-Абад облусунун Аксы районуна окуу жайдын аймактык дистанттык билим берүү борборлорун уюштурду. Бул борборлор компьютердик технологиялар менен жабдылып, дистанттык бөлүмдө окуган студенттер, райондун тургундары үчүн ошол борборлор аркылуу маалымат алууга шарт түзүлгөн.

Студенттер тажрыйбалуу адистерден билим алышат

ОГПИде студенттерге билим берүүдө 3 илимдин доктору, профессорлор, 37 илимдин кандидаты, доценттер, 22 магистр, ,  70 ага окутуучу,  160 окутуучу иш алып барат. Алардын ичинен 5 Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктылары, 4 спорттун чебери, 70 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары жана белгилүү усулчу педагогдор  татыктуу билим беришүүдө.

ОГПИ — кылым менен жаңы технологиянын айкалышы

ОГПИде студенттер үчүн  заман талабына жооп берген  4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган 13 компьютердик зал, 2 виртуалдык лаборатория,  100 компьютерден турган 2 электрондук китепкана,  40 компьютерден турган дистанттык билим берүү жана тестирлөө борбору,  интерактивдүү доскалар менен жабдылган 20 заманбап мультимедиялык каана,  видеопроекторлор менен жабдылган 15 лекциялык зал, 150 орундуу 3 окуу залы, китепкана, 2 спорттук, 1 гимнастикалык, 1 күрөш залы, 2 теннистик корт, 3 студенттик ашкана кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары Эгемендүү Кыргызстан борбору, Улуттук Рух борбору, Тилди интенсивдүү үйрөтүү борбору, Музыкалык маданий-эстетикалык борбор, Окутуунун инновациялык технологиялары борбору, Айтматов таануу борбору, Экологиялык борбор, Лидерликке үйрөтүү борбору,  Медия борбору, Жандуу бурч борбору, Америка таануу борбору, Манас таануу борбору, Этнопедагогика жана тарых борбору, «Эрк» спорт клубу жана ондогон  студенттик дебат, дискуссиялык, чыгармачыл, илимий клубдар, ийримдер иш жүргүзөт.

 

ОГПИ – таланттуу жаштардын мейкини

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

Студенттердин эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндигин колдоо багытында «Таалим +» усулдук журналы, «Студ kg» газетасы, «Мурас» студенттик телестудиясы, «Нона» эстрадалык тобу, «Айымдар»  вокалдык тобу, «Элегия» вокалдык тобу, «Даткайым» бийчилер тобу, жана «Жаратман» чыгармачылык борбору  улуттук маданиятыбызды өркүндөтүү багытында иштерди жүгүзүүдө. Мындан сырткары спорттун 12 түрү боюнча секциялар ырааттуу түрдө иштеп келе жатат.

ОГПИ – стратегиялык мааниси жогору окуу жай

ОГПИнин билим берүү системасындагы  учурдагы ордун эске алуу менен 2013-жылы аймактык стратегиялык мааниси бар педагогикалык окуу жайлардын катарына киргизилген. ОГПИ — мекенибиздин келечеги болгон жаш муундарга мугалим — устат, ар тараптуу өнүктүрүүчү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуучу, жан дүйнөсүнө адамгерчилик сапаттарды калыптандыруучу окуу жай.

 

ОГПИ  Кызматаштыктан интеграциялык биримдикке

Учурда Ош  гуманитардык-педагогикалык институту ааламдашуу доорунун алкагында төмөндөгү бир топ алыскы жана жакынкы чет өлкөдөгү окуу жайлар жана эл аралык уюмдар менен педагогикалык кызматташууну жүргүзүп келүүдө:

  1. Кемерово мамлекеттик университети. ( КМУ)
  2. Урал мамлекеттик педагогикалык Университети. (УМПУ)
  3. Синьцян педагогикалык университети (СПУ)
  4. Мордова мамлекеттик педагогикалык университети. (ММПУ)
  5. Новосибирь мамлекеттик педагогикалык университети. (НМПУ)
  6. Перм мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университети.         ( ПМГПУ)
  7. Санк-Петербург мамлекеттик психология жана социалдык иштер институту. (СПМПжСиИ.)
  8. Щадринск мамлекеттик педагогикалык университети. (ЩМПУ)
  9. НИИ Ботаника жана фитиоинтродукция институту. (НИИ БжФИ) (Казакстан)
  10. Waseda  университети (Япония).
  11. Польша мамлекеттик педагогикалык университети. (ПМПУ).
  12. Орто азиядагы америка университети. (АУЦА)
  13. “Youth  of  Osh” коомдук бирикмеси.
  14. Ага Хан фонду.
  15. ЮНИСЕФ
  16. USAID.
  17. Тынчтык корпусу.
  18. “Единство” фонду.

 

Студенттер ааламдашуу доорунда

ОГПИнин Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаменти тарабынан атайын окутуучулар жана студенттер үчүн англис тили, орус тили, кытай тили, түрк тили жана немец тилдери боюнча  акысыз курстар  уюштурулуп келет. Мунун алкагында окутуучуларга жана студенттерге чет жактарга чыгып окуп, тажрыйба алмашып келүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Мындан тышкары студенттерди түрдүү эл аралык уюмдар, фонддор жана чет өлкөдөгү студенттер менен иш алып баруулары үчүн ICC (International Communication Club) эл аралык студенттер клубу түзүлүп, төмөндөгүдөй багытта иш алып барууда.

ОГПИнин миссиясы — Компотенттүү мамиле аркылуу билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен Кыргызстандын орто мектептери жана мектепке чейинки мекемелери үчүн педагог адистерди даярдоо; 

Институттун негизги миссиясы

  • Элет жергесиндеги, алыскы жана тоолуу аймактардагы орто мектептерди, бала бакчаларды жаш адистер менен камсыз кылуу;
  • Орто мектептердин, билим берүү мекемелеринин проблемаларын изилдөө аларга окуу усулдук жана окутуунун жаңы технологиялары боюнча көмөк көрсөтүү;
  • Өлкөбүзгө интелектуалдык потенциалы жогору, маданияттуу, билимдүү жогорку профессионалдык кадрларды даярдоо.

ОГПИнин курамында азыркы кезде 6 факультет 1 колледж ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө

  • Музыкалык-педагогикалык факультети
  • Табият таануу жана география факультети
  • Математика жана компьютердик технологиялар факультети
  • Гуманитардык факультети
  • Кыргыз-Россия факультети
  • Дене тарбия факультети
  • Колледж

 

Тынымсыз жаңылануу

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

Студенттердин ыңгайлуу шартта, сапаттуу билим алуусу үчүн болгон күчүбүздү жумшап,  ички каражатыбызды үнөмдөө менен  заманбап үлгүдөгү окуу кааналарын  куруп, керектүү каражаттар менен камсыздап жатабыз. Атап айтсак, Колледжде студенттердин саны көбөйүп, талаптын күчөгөнүнө байланыштуу  кошумча беш окуу каанасы, эки компьютердик зал жаңыдан бүткөрүлүп ишке берилди.

“Ага Хан” фондунун колдоосу менен мугалимдердин билимин жогорулатуу бөлүмүнө атайын семинардык каана жана табигый илимдер кафедрасына өмүр коопсуздугу предмети боюнча толук шарттагы борбор  ачылды.

Башкы окуу корпусунун 1-кабатын толук түрдө капиталдык оңдоп, түзөөдөн өткөрүп, эшик терезелер жаңыланды. Көп жылдан бери ишке ашыра албай келе жаткан студенттик жатакана менен окуу корпусун бириктирген “Ак буура” каналындагы көпүрөнү Ош шаарынын мэриясынын жардамы менен жаңыдан курууга жетиштик. Эскилиги жетип, студенттер үчүн бир аз ыңгайсыздык жаратып жаткан жатаканын китепканасы да толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жумшак эмеректер жана жылуулук менен камсыз болду. Жатакананын шарты  күндөн-күнгө жакшырып, талапка жараша бардык керектөөлөр менен өз убагында камсыз болуп жатат.

Спорт оюндарын өнүктүрүү максатында “Гимнастикалык зал” капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, спортчулар машыгуу үчүн керек болгон жетиштүү шаймандар менен камсыздалып ишке берилди. Мунун алкагында студенттер сабактан тышкары алектенүү үчүн шахмат жана тогуз коргоол оюндары үчүн атайын  зал ачылды.

 

Спорт сересиндеги ийгиликтер

ОШ ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ - ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН!

Соңку жылдарда окуу жайыбызда  спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ар тараптан колдоолор көрсөтүлүүдө. Атап айтсак,  республикалык ЖОЖдор арасындагы жыл сайын өтүүчү универсиадага спорттун дээрлик бардык түрүнөн студенттик командаларыбыз  катышып, алдыңкы орундарды багындырып келишүүдө. Ошондой эле  билим илим кызматкерлери ортосундагы жыл сайын өтүүчү  республикалык мелдеште ОГПИнин агайлар жана эжекелер курама командасы волейбол боюнча мыкты ийгиликтерди жаратып жатканы ОГПИ үчүн чоң жетишкендикти камсыздоодо. Мындан тышкары окуу жайдын сыймыгы болгон спорттун чеберлери Курманаева Зухра, Алимбай уулу Буркан, Чапкын уулу Кошой  жана Абдывасы уулу Алманбет сыяктуу студенттерибиз ОГПИнин атагын дүйнөгө таанытып, эл аралык таймаштарда башкы орундарды багындырып жатат.

 

Таланттар таанытууда

Окуу жайыбызда талантуу студенттер абдан арбын. Мына ушул студенттерибиз окуу менен биргеликте өздөрүнүн чыгармачылыгы, таланттары менен шаардык, республикалык конкурстарда алдыңкы орундарга жетишип келүүдө. Бул жаатта чыгармачыл студенттик топ Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өкөрүлгөн  студенттердин республикалык “Ала – Тоо Жазы – 2017” фестивалында 1-орунду камсыздап, диплом жана жүз миң сомдук сертификат менен сыйланып келишти. Андан тышкары  Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде өткөн “Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн” аттуу жети дубандын ЖОЖдорунун достук фестивалында студенттерибиз өзгөчө даярдык менен катышып, атайын сыйлык менен сыйланышты. Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган  “Жаш ойлоп табуучу – 2017” сынагында ОГПИнин студенти Исамидин уулу Бектуралинин эмгеги мыкты деп табылып баш байгени багындырды.

 

Билим таймашы – олимпиада

ЖОЖдордун билим рейтингин көрсөтүүчү студенттердин аймактык олимпиадасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана шаарлардагы   8 жогорку окуу жай ортосунда өтүп, жыл сайын ОГПИнин студенттери жалпы жыйынтык боюнча алдынкы орундарды камсыздап келишсе, педагогикалык предметтердин жыйынтыгында  алдыга эч кимди ат салдырбайт.

 

Мобилдүүлүк – заман талабы

Тышкы жана ички мобилдүүлүктү  бекемдөө жаатында бир топ иштер жөнгө салынып, анын негизинде окутуучуларыбыз жана студенттерибиз Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетине, Кыргыз улуттук университетине, Казакстандын жана Россиянын бир топ педагогикалык жогорку окуу жайларына тажрыйба алмашуу жана өз билимдерин жогорулатуу максатында барып окуп келишүүдө.

 

Электрондук окуу жай

Окуу процесси электрондук башкарууга өткөрүлүп, студенттердин билимин баалоо сынактары,  компьютер аркылуу жүргүзүлөт. Сабактардын өтүлүшүн ж.б. коомго жат көрүнүштөрдү азайтуу максатында окуу имараттардын  кааналарына, жатаканага  жана коридорлорго  видео көзөмөл орнотулган. ОГПИнин башкы окуу корпусуна кирип, чыгуу үчүн атайын чип картанын жардамында электрондук система иштеп жатат. Мындай аракеттердин негизинде  кызматкерлердин жана студенттердин жумушка, окууга кайсы убакытта келгендери, бирдиктүү база аркылуу көзөмөлдөнүп, өнүгүүгө карай мыкты иштер аткарылууда. Жакынкы күндөрдө башка окуу корпустарга жана жатаканага да мындай система ишке киргизилүү алдында турат.

 

Жигердүү жаштар ар дайым колдоого ээ

2017-жылы  окуу жайдын тарыхында алгачкы  жолу студенттик кербен түзүлүп, ар тараптуу эң мыкты делген  20 студент институттун эсебинен Кыргызстандын жети дубанына тарыхый-маданий жерлерге экскурсияга барып келишти. Бул саамалык мындан ары да уланып келечекте чет жактарга да жөнөтүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары окуу жайдын колдоосу менен демилгелүү мыкты студенттер жана жаш окутуучулар КРдин Жогорку Кеңеши менен жакындан таанышуу үчүн жыл сайын жөнөтүлүп турат.

Албетте, бул сыяктуу ийгиликтер, жетишкендиктер жана жаңылануулар окуу жай жөнүндө коомчулукта жакшы пикирлердин жаралуусуна себеп болуп, жаштардын мугалимдик кесипке болгон көз карашын жакшыртууда.

 

  Европа үлгүсүндөгү жатаканада

ОГПИнин студенттик жатаканасында бүгүнкү күндө  650 орундуу студенттик жатакана заман талабына ылайыкташтырылган. Студенттер үчүн компьютердик зал, окуу залы, акысыз wi-fi,  студенттик ашкана жана ийримдер иштеп келет. Жатакана толугу менен капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп студенттердин жагымдуу шартта жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүк тузүлдү. Ар бир секцияга суу жылытуучу аристону орнотулуп, , ажаткана жана жуунар жай ишке киргизилген. Жатаканага кабыл алууда мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык абалы оор жана жардамга муктаж студенттерге  жеңилдик каралган. Ошондой эле алыскы райондордон келген студенттер үчүн кезексиз кабыл алуу артыкчылыгы берилген.

Мыкты студенттер окуу жайдын жүзү

Бүгүнкү күндө олимпиадаларда жана окуудагы жетишкендиктери алдыңкы болгон, ошондой эле социалдык абалы оор, жардамга муктаж  студенттерибизге ректорат  жана демөөрчүлөр тарабынан стипендиялар берилип турат. Андан сырткары жылына берилүүчү Президенттик  «Үмүт» стипендиясын окуу жайыбыздан  ар тараптуу жетишкендигин көрсөтүп келген студенттерибиз алып келүүдө. Мындан тышкары окуу жайды спорт, маданият жана билим тарабынан дүйнөгө таанытып келген 20 студентти, жыл сайын “7 дубанга саякат” программасы менен институттун эсебинен экскурсияга жөнөтүлүп турат.

 

Кайра даярдоо иштери үзүрүн берип жатат

ОГПИнин алдында түзүлгөн  “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин уруксааты тастыкталган атайын юридикалык лицензиянын негизинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы, шаарлардагы орто жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде  окутулган бардык предметтер боюнча кесип ээлерине усулдук колдоо катарында, кесиптик чеберчиликти жана заманбап сабактардын үлгүлөрүн жаңы технологиялардын жардамы менен көрсөтүүнү жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге окуу жайдын тажрыйбалуу усулчулары тарабынан институтун өзүндө жана жер-жерлерде атайын курстар, мастер-класстар жана семинарлар уюштурулуп, окутуунун сапатын жогорулатууга болгон аракеттер жүрүп жатат . Аталган курстан өткөн кесип ээлери, министирликтин каттоо номурунун негизинде окуу жайдын квалификациялык сертификатына ээ болушат. Учурда бул бөлүмдө жүздөгөн мектеп мугалимдери жана бала-бакча кызматкерлери өз билимдерин жогорулатышып, өз ишмердүүлүктөрүн ийгиликтүү жүргүзүшүүдө.

Быйылкы жылы “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында алыскы райондордо атайын курстарды уюштуруп, билим берүүнүн жаңы стандарттарын жайылтуу менен адистер ортосунда жаңыланууга болгон атаандаштыкты жаратуунун пландап жатабыз.

 

ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮҢҮЗДҮ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТОЛУК ШАРТ БАР

ИЛИМ ЖАНА АСПИРАНТУРА БӨЛҮМҮ

Илимий педагогикалык кадрларды даярдоо максатында 2017–жылдын 12– майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № 582/1 буйругунун негизинде Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда аспирантура бөлүмү ачылган. Аспиранттардын илимий иштерин натыйжалуу алып барышы үчүн бардык жакшы шарттар түзүлгөн жана жардам көрсөтүүчү жобо иштелип чыгып 2016 – жылдын 24 —  октябрындагы 2 (№ 10 протокол) Окумуштуулар кеңешенде бекитилген. Бүгүнкү күндө аспирантура бөлүмүндө төмөндөгү 10 адистик боюнча аспиранттар өздөрүнүн илимий педагогикалык билимдерин өркүндөтүүдө.

Аспирантура бөлүмүнө 5 жылдык жогорку билимдүү адистер жана магистрлер тапшыра алат.

Окуу мөөнөтү: 2 жыл.

Химия жана биологиялык илимдер:

  • 00.01. – органикалык эмес химия;
  • 00.03. – органикалык химия;
  • 02.14. – биологиялык ресурстар;
  • 02.01. – ботаника;
  • 02.04. – зоология.

Филологиялык илимдер:

  • 01.01. – кыргыз адабияты;
  • 02.01. – кыргыз тили;

Педагогикалык илимдер:

  • 00.01. – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы;
  • 00.02. – окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (билимдин тармактары жана деңгээли боюнча).

Социологиялык илимдер:

  • 00.04. – социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер.

 

ОГПИ 2018-2019-окуу жылына карата төмөндөгү багыттар боюнча бюдьжеттик жана келишимдик негизде абитуриенттерди кабыл алат

Жогорку билим үчүн

  • Математика Негизги тест, физика же математика
  • Информатика Негизги тест, физика же математика
  • Колдонмо математика жана информатика Негизги тест, физика же математика
  • Менеджмент Негизги тест, математика
  • Биология Негизги тест, биология
  • География Негизги тест
  • Химия Негизги тест, химия
  • Экология жана жаратылышты пайдалануу Негизги тест
  • Тарых Негизги тест, тарых
  • Социалдык иш Негизги тест
  • Англис тили Негизги тест, англис тили
  • Кыргыз тили жана адабияты Негизги тест, тарых
  • Орус тили жана адабияты Негизги тест, тарых
  • Кытай тили Негизги тест
  • Башталгыч класстарды окутуу Негизги тест, тарых же биология
  • Мектепке чейинки билим берүү Негизги тест, тарых же биология
  • Көркөм билим берүү (музыка)
  • Психология Негизги тест
  • Дене тарбия

 

Жогорку билим үчүн окуу мөөнөтү: 

  • Күндүзгү окуу үчүн – 4 жыл
  • Сырттан окуу үчүн – 5 жыл

Атайын орто кесиптик билим үчүн:

  • Дене-тарбия күндүзгү
  • Башталгыч класстарды окутуу күндузгү жана сырттан
  • Мектепке чейинки билим берүү күндузгү жана сырттан
  • Компьютердик тармак жана комплекстер (тармактар боюнча) күндүзгү
  • Социалдык иш күндүзгү
  • Менеджмент (тармактар боюнча) күндүзгү
  • Финансы (тармактар боюнча) күндүзгү

 

Орто кесиптик билим үчүн окуу мөөнөтү:

  • Күндүзгү окуу үчүн 11-класстын базасында — 1 жыл 10 ай

9-класстын базасында  — 2 жыл 10 ай

  • Сырттан окуу үчүн окуу мөөнөтү:

11-класстын базасында 2 жыл 6 ай

Керектелүүчү документтер:

  1. Абитуриенттин арызы
  2. Аттестат же диплом (түп нускасы)
  3. ЖРТнын сертификаты
  4. 3 Х 4 өлчөмүндө 6 даана сүрөт
  5. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
  6. Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (уул балдар үчүн)

 

Биздин дарек:

Ош шаары Н.Исанов көчөсү, 73

ОГПИнин башкы корпусу:

+ 996 3222 4 35 67

+ 996 770 691575

+ 996 778 49 46 87

[email protected]

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер