Онлайн университет: 40 КҮНДӨ – 55 ВЕБИНАР
- 02.07.2020
- 0
Пандемия учурунда Онлайн Университети платформасынын уюштуруучулары менен вебинарлардын спикерлери жан дили менен эмгектеништи. 40 күн ичинде мугалимдер менен жаш илимпоздорго 55 вебинар берүүгө үлгүрүштү.
Эл-журт үчүн кызмат кылууга сөзсүз эле бийликке баруунун кереги жок экенин, тамчыдай эмгектер бириксе, көл тургай, океандай чоң иштер жүзөгө ашып, элге-журтка пайдасы тие турган өнүгүүлөр боло турганын далилдеп беришти.
Ар бир мугалим өзүн өстүрүп, ар дайым жаңы нерсени үйрөнүп, изденип турса эле билим берүүбүз да, илимибиз да өнүгөт. Кыргызстандын келечеги, өнүгүүсү күчтүү билим берүүдө жатаарын эч ким тана албас. А билим берүү тармагы ар бир мугалимдин колундагы иш.
Мугалимдер улам жаңы нерсени үйрөнүп, изденип отурса, балдарга жакшы билим бере алат. Мугалим ыкшоо тартып, «мен баарын билем» дегенде өнүгүү токтойт.
Ардактуу аты улук, заты бийик Мугалимдер, аз айлыкка карабай, балдарыбызга жакшы билим берүү үчүн убактыбызды, күч-кубатыбызды аябайлы.
Жараткан бизге буюрган жашообуздагы эң ыйык милдетибиз ошол. Өлкөбүздүн келечеги биздин колубузда экенин бир саамга да эсибизден чыгарбай, колубуздан келишинче эл үчүн иштеп берели.
Онлайн Университети платформасы уюштуруп жаткан билимди өстүргөн иш-чараларга да катышып, интернет айдыңында миң сандаган лекция, илимий иштер менен да таанышып, дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалардан артта калбайлы.
Биз балдарга дүйнөнү ачып берүү үчүн алгач дүйнөнүн бардык эшиктерин өзүбүз ачып көрүшүбүз керек.
Жайкы каникулда жаңы технологияларды үйрөнөлү. Окутуунун жаңы усулдарын өздөштүрөлү. Илимий изилдөө жүргүзүүдөгү жаңы усулдарды практикалап көрөлү.
Жаңы окуу жылына жаңы дем менен киришели. Онлайн окутуунун эң алдыңкы тажрыйбаларына ээ болууга аракет кылалы.
Сиздерге Жараткан бекем ден соолук берсин. Жаман оорудан сактасын. Үй-бүлөңүздөрдө тынчтык болсун!




































































































Гүлзада Станалиева.
Бөлүшүү
Комментарийлер