ОНЛАЙН ОЛИМПИАДАНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

  • 05.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги олимпиадалык кыймылды өнүктүрүү, ошондой эле окуучулардын билимдерин  ишке ашырууда шарттарды түзүп берүү максатында 2019-жылдын декабрь айында  олимпиаданы онлайн режиминде өткөрүү үчүн жаңы долбоорду ишке киргизген. Мектеп окуучуларынын математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча альтернативдик олимпиадасынын биринчи туруна 2918 окуучу катышса, экинчи этапка 1606 окуучу өткөн.

ОНЛАЙН ОЛИМПИАДАНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Айнура Хусаинованын берген маалыматына таянсак, олимпиада химия, информатика предметтери боюнча — 18-19-январда, математика, физика — 25-26-январда жана биология предмети боюнча 1-2-февралда өткөн.

Ар бир предмет боюнча экинчи тандоо туру онлайн режиминде эки күн өттү. Мында олимпиаданын биринчи турунан эң жогорку балл алган окуучулар катышты. Биринчи күнү техникалык себептерден улам олимпиадага катыша албай калгандар  экинчи күнү сынактан өтүштү. Анда татаалдыгы бирдей, бирок башка тест берилди. Ар бир предмет боюнча эң жогору балл алган жүздөн ашпаган окуучу үчүнчү турга жолдомо алышты. Жыйынтыктоочу үчүнчү этап февраль айында оффлайн режиминде өттү.

Бул долбоордун максаты – математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн кандидаттарды тандап алып, аларды даярдоо; өзгөчө таланттуу окуучуларды таап, алардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү; табигый-математикалык предметтерди терең билүү үчүн окуучуларды бул сабактарга кызыктыруу жана мотивация берүү менен окуунун деңгээлин көтөрүү; эл аралык олимпиадаларга жеңүүчүлөрдү даярдаган чыгармачыл, жогорку квалификациялуу окутуучуларды таап жана аларга дем берүүнү көздөйт.

Бул олимпиада төрт этап менен өтүп жатат. Биринчи этап – онлайн режиминде декабрь айында өттү, экинчи этап – февраль айында ал дагы онлайн режиминде өтсө, үчүнчү этап оффлайн режиминде февраль айында өттү.  IV этап – март айында, ал эми V этап — март (апрель) айында оффлайн режиминде өткөрүлөт.

Республикалык олимпиададан альтернативдик олимпиаданын негизги айырмачылыктары: I жана II этаптарда катышуучулар тапшырмаларды онлайн режиминде аткарылганы, ошондой эле тапшырмалар эл аралык олимпиаданын талабына ылайык иштелип чыкканы жана катышуучулар республикалык олимпиадага катыша алгандыгы менен өзгөчөлөнөт.

  • Эл аралык олимпиаданын өткөн жылкы медалисттери (IMO, IBO, IOI, IPHO, ICHO) түз эле тандоо турунун V этабына, ошондой эле республикалык олимпиаданын акыркы туруна катышышат. III этапта эң көп балл алган жыйырмадан ашпаган окуучу республикалык олимпиадага катышат. Олимпиаданын акыркы этаптарына тиешелүү документтер менен гана киргизилет. Т.а. паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, катышуучунун сүрөтү менен мектептин администрация күбөлөгөн маалымкат, эл аралык олимпиадаларда алынган дипломдордун көчүрмөсү, — дейт министрликтин адиси А.Хусаинова.

III жана V этаптарда коюлган баллдар менен макул болбогон катышуучу апелляциялык комиссиянын төрагасынын наамына арыз менен кайрылышы керек. Арызда тапшырманын номери коюлат.

Баса, окуучулардын республикалык олимпиадасы  28-29-марта Бишкек шаарында өтөт. Ага үчүнчү этапта 1- жана 2-орунга татыктуу болгондор катышат. Ал эми онлайн олимпиаданын 3-этабынын жеңүүчүлөрү жыйырмадан ашпаган окуучулар беш предмет боюнча: математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча күч сынашат. Онлайн олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы 2020-жылдын 1-3-апрелинде өтөт.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер