ОМАТТУУ ОШТОГУ ОРОШОН ОКУТУУЧУ

  • 14.05.2018
  • 0

Бүгүнкү күндө билим берүү системасына сын айтпаган кыргыздын өзү жоктой. Бир чети карап сынына деле макул дейсиң. Анан күнөөнү оош-кыйыш замандан, бир тарабы артта, да бир тарабы алдыда билим берүү системадан, азыраак айлыгына кайыл болуп эмгектенген мугалимден, же башы ар түрдүү маалыматка толуп, бирок багытын таппай жүргөн окуучудан, көр тирлик деп кээде баласынан кабар алып, кээде алалбай калган ата-энеден издеп көрөрбүз. Бирок баланы окутуп-тарбиялоо жараянынын күңгөй-тескейин билип, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон  асыл адамдардын ишин көрүп, баары келип эле ар бирибиздин өзүбүздөн тура деген чечимге келет экенсиң.

Айтайын дегеним ордолуу Ош  шаарында билим берүү тармагында жакшы жаңылыктар, батыл аракеттер жүрүп жатканын элден угабыз. Жетишкен ийгиликтерде башкармалыктын башчысынан тартып, жөнөкөй эле эсепчисине чейинки бардык кызматкерлердин салымы бар, менимче. Бул сапар билим берүү башкармалыгындагы усулкана башчысы Раманов Кумарбек Маданбекович тарабынан жасалып жаткан жакшы саамалыктар тууралуу кеп кылууну эп көрдүк. Анткени бул жасалып жаткан иш-аракеттер өлкөбүздөгү башка кесиптештердин айрымдарына, биринчиден, демине дем, экинчиден, эмне жаңылык кылсам деп билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жол издегендерге сыналган тажрыйба, жаш адистерге усулдук жардам болот деген ишеничтемин.

ОМАТТУУ ОШТОГУ ОРОШОН ОКУТУУЧУ

“Окуучуга бир үзүм билим берүү үчүн, мугалим өзү деңиздей билимге ээ болуусу керек…”

Билим сапатын көтөрүүнүн ийгиликтүү жолдорунун бири – бул мугалимдин предметтик билимин жана билгичтигин өнүктүрүү. Мына ошол багытты унутта калтырбаган Кумарбек агай жана анын командасы атайын мугалимдерге сынак өткөрүүнү салтка айландырышууда. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде жалпы үч миӊден ашуун мугалимдердин предметтик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, эң мыкты предметтик мугалимдерди табуу жана алардын тажрыйбаларын жайылтуу максатында 2018-жылдын март айынын 22-24-күндөрү мугалимдердин диагностикалык аттестациясы, кыскартып айтканда МДА экинчи ирет уюштурулду.

МДАны өткөрүүнүн дагы бир башка негизги максаттары – билим берүүнү өнүктүрүүдө атаандаштыкты жаратуу менен мугалимдердин чыгармачылыкта иштөөсүнө стимул берүү, шаарыбыздагы предметтик мугалимдердин ортосунда чыгармачылык байланышты күчөтүү, алдыңкы мугалимдерди Олимпиадалык резервдеги вакансияларга тартуу, ошондой эле жыйынтыгында мыкты предметтик мугалимдерди ар тараптан камкордукка жана колдоого алуу болуп эсептелет.

ОМАТТУУ ОШТОГУ ОРОШОН ОКУТУУЧУ

МДАнын Жобосунда көрсөтүлгөндөй, бул иш-чара олимпиадалык предметтерди окуткан Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердин (о.э. каалоочу менчик мектептердин) мугалимдери үчүн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында ар бир предмет боюнча алдыңкы ондукка кирген мугалимдер сыйланып, жогоруда айтылгандай, ар тараптуу колдоого алынууда.

“Көч бара-бара түзөлөт” демекчи, өткөн окуу жылынан айырмаланып бул окуу жылда башталгыч класстын мугалимдери жана бала бакчанын тарбиячылырынын ортосунда да өткөрүлдү.

«ЖАШ МУГАЛИМ — 2018» СЫНАГЫ

Жаш кадрлар жөнүндө сөз болсо кээ бири оң жагын айтып мактаса, кээ бири терс жагын айтып күнөөлөйт. Бирок Кумарбек агайдын айланасындагы жаш адистерди көрүп жаштарды иштете билсең өтө чоң күч экенине ынандым. Андан да кызыгы атайын демөөрчү таап шаардагы жаш мугалимдерге жакшы жардам көрсөтүп жатыптыр. Бул жылы Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин демөөрчүлүгү менен Ош шаарында  “Жаш мугалим — 2018” сынагына старт алган. Сынактын жобосуна ылайык бул сынакка стажы үч жылдан ашпаган жаш мугалимдер катышып, учурда жети катышуучу финалдык баскычына даярдык көрүүдө. Май айында өтүүчү финалдык баскычка даярдык көрүп жаткан мугалимдер үчүн социалдык сеттер аркылуу добуш берүү да уюштурулуптур. Бул ыкма мугалимдердин заманбап технологияларды колдонууга кайсы бир деңгээлде багыттайт. Кубандырганы мектептеги жаш мугалимдердин арасында агайлардын санынын көбөйгөнү.

 ОДС (ОКУУЧУЛАРДЫН ДИАГНОСТИКАЛЫК СЫНАГЫ)

Ош шаарындагы мектептердин билим сапатын аныктоо, окуучулардын сапаттуу билим алуусунда атаандаштыкты жаратуу, мектеп окуучуларынын тест менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана жогорулатуу максатында шаарыбыздагы мектептердин (о.э. каалоочу менчик мектептердин) окуучулары үчүн диагностикалык сынак апрель айынын 24-26-апрель күндөрү уюштурулуп, өткөрүлдү. 7-10-класстардын окуучуларынын билим сапатын көрсөткөн бул иш-чаранын жыйынтыгында мектептердин рейтинги аныкталды. Бул мектептердин арасында да позитивдүү атаандаштыкты жаратып, окуучулардын билим сапатынына оң таасирин тийгизиптир. Анткени бул жылы күчтүү ондукка кирүү максатында чымырканып эмгектенип предметтик мугалимдер тууралуу кептер айтылып жатат.

ЭЛЕКТРОНДУК ОЛИМПИАДАДАН ИЙГИЛИККЕ КАРАЙ

Эгемендүүлүк жылдарынан бери мектептердин рейтингин аныктоочу көрсөткүчтөрдүн бири – предметтик олимпиада экендиги талашсыз. Ош шаарында предметтик олимпиаданын II баскычы (айрым мектептерде I баскычы да) соңку жылдары электрондук түрдө өтүп жаткандыгы, бул тажрыйбаны жайылтууга министрлик да кызыкдар экендиги айтылып келген. Мындай ыкма окуучулардын дагы, ата-энелердин дагы ишенимин арттырып, окуучулар мурункудай кагазга чыгарылган олимпиаданын жыйынтыгын сааттап, күндөп күтүп отурушпайт тура.

Олимпиаданы электрондук ыкмада өткөрүлүүсү өз жемишин ушул окуу жылында берди десек болчудай. Анткени, предметтик олимпиаданын Республикалык баскычынан соң Ош шаары байгелүү орундардын жалпы эсеби боюнча 2-орунга көтөрүлө алды. Ал эми биринчи орундарды багындыруу боюнча алдыда. Аталып жаткан иш-чаралардын баары мына ошол олимпиада багытында иштерди күчөтүү жана өнүктүрүү багытында уюштурулган.

 БАЖСКО (5-, 6-, 7-, 8-КЛАССТАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ)

Ош шаарындагы мектептердин 5-6-7-8-класстардагы окуучуларынын тесттер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, алардын мониторингин жүргүзүү, ошондой эле олимпиадалык топтордун даярдыгын күчөтүү максатында предметтик олимпиада шаардык деңгээлде өткөрүлгөн. Бул олимпиаданын жыйынтыгы да электрондук текшерүү ыкмасы менен заматта чыгарылып, алдыңкы орунду ээлеген окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан сыйланды.

Кошумчалай кетсек, предметтик олимпиада буга чейин 5-6-7-8-класстар үчүн мектептик баскычта гана өткөрүлсө, бул ирет республика боюнча Ош шаарында аталган класстардын олимпиадасы шаардык деңгээлде алгач ирет өткөрүлдү.

 ТКО (ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ)

Баарыбызга маалым болгондой, өп-чап заманда балдарды жаштайынан эле жарыштырып кызыктырбаса окутуу бир аз оорлукту туудурууда. Андыктан 2018-жылдын март айында Ош шаарындагы бардык мектептерде Жобого ылайык 4-класстын окуучуларынын арасында кыргыз/орус тили, адабий окуу, математика жана мекен таануу боюнча олимпиаданын I баскычы мектептерде өткөрүлдү.

4-класстын окуучуларынын олимпиадасынын мектептик баскычында алдыңкы орунду ээлеген үчтөн окуучу (шаар боюнча жалпы 159 окуучу) 3-апрель күнү өткөн олимпиаданын шаардык баскычына катышышты. Ош шаарында экинчи ирет уюштурулган бул олимпиаданын жыйынтыгы быйыл да электрондук ыкмада жеринде чыгарылып, алдыңкы орунду алган окуучулар баалуу белектер менен сыйланды.

«АНИМАЦИЯ – 2017» АТТУУ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН СЫНАГЫ

Акыркы өнүккөн технологияны окутуу заман талабы. Ал талап информатика сабагы аркылуу ишке ашып келет. «Анимация — 2017» сынагынын негизги максаты — окуучуларды мекенин сүйүүгө, өлкөбүздүн маданиятын жайылтууга үндөө жана жаңы технологияларды өздөштүрүүсүнө багыттоо аркылуу балдарда патриоттук жана улуттук аң-сезимди калыптандыруу, жарандуулукка жана чыдамкайлыкка тарбиялоо  болгон.

Сынак 7-8-9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында жүргүзүлүп, оригиналдуулугу, образдуулугу жана көркөм берилиши, идеялуулугу, темага жооп бериши менен орундар белгиленди.

“Окуучулардын предметтик олимпиадасында информатика сабагы боюнча шаарыбыздын намысын көбүнесе жеке менчик мектептин окуучулары коргоп келгендиги чындык. Андыктан мамлекеттик мектептердин да окуучулары аталган предмет боюнча алдыга суурулуп чыкса, заман талабына шай келген информатика сабагынан ийгилик жаратса деген аруу тилектер менен ушул конкурсту уюштурдук”, – деп Кумарбек Маданбековичтин айтканы бар.

«АКЫЛТАЙ» (РУБИКТИН КУБИГИ) СЫНАГЫ

Менин кошуналарымдын балдары түрдүү түстөгү, түрдүү формадагы кубиктерди көтөрүп жүргөнүн көрчүмүн. Бирок анча маани бербептирмин. Эң кызыгы ары жөнөкөй, ары адамдын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн курчуткан, ары эс тутумдун да күчтүү болушун талап кылган оюнчук аркылуу сынак өткөрүлүптүр.

Аталган сынактын I (мектептик) баскычы алгач шаардагы мектептерде уюштурулуп, 2017-жылдын 30-ноябрь күнү II (шаардык), башкача айтканда финалдык баскычы өткөрүлгөн.

Бул сынакты уюштуруудагы негизги максат – окуучулардын убактысын пайдалуу нерселер менен өткөрүүгө багыттоо, алардын кубик менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана кубикти ыкчам топтогон окуучуларды жогорку аренага чыгаруу аркылуу келечек ээлеринин бул саамалыкка кызыгуусун арттыруу болуптур.

Булардан сырткары түрдүү багыттагы иш-аракеттер, жакшы саамалыктар болуп жатат. “Усулдук кербен” аттуу саамалык өзүнчө кеп кылууга татыйт. Алардын баарынын өткөрүлүшүндө биздин башкы каарман Кумарбек агайдын адилеттүүлүгү, мугалимдикти жакындан тааныгандыгы даана байкалды. Кези келсе экинчи борбордун билим берүү жаатындагы жаңылыктар тууралуу дагы кеп учугун уларбыз.

Кыргызда көбүнчө бийликке жаңы келсе, же ийгилик жаратса эр кишиге камчы белек кылышат. Анткени ошол олтурган мансабын, же ийгилигин аргымакка салыштырып, токтоп туруп калбай камчылап дагы да алдыга оз, кызматыңды жана чыгармачылыгыңды дагы да арттыр, көбүрөөк эмгектен деген мааниде. Биздин бул макалабыз да Кумарбек Маданбековичке камчы болот деген ишеничтебиз жана иштерине ийгилик каалайбыз.

Мелисбек Музулманов, Ош шаарындагы № 52 мектеп лицейинин директору

Бөлүшүү

Комментарийлер