ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ КАНИКУЛУ 20-МАРТТАН БАШТАЛАТ

  • 10.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылынын Базистик окуу планына ылайык, мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 2023-жылдын 22-мартынан 26-мартына чейин (5 календардык күн) созула тургандыгын маалымдайт.

ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ КАНИКУЛУ 20-МАРТТАН БАШТАЛАТ

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 18-марттан 21-мартка чейин эс алуу күндөрү деп жарыяланган. Буга байланыштуу окуучулар 20-марттан тарта эс алууга чыгат.

Сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.

Эскерте кетсек, 2022-2023-окуу жылынын Базистик окуу планына ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 12 күнгө созулмак. Бирок январь айында аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу кышкы каникул узартылып, жазгы каникул кыскартылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер