ОКУУЧУЛАР ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ДАҢАЗАЛАШТЫ

  • 11.12.2018
  • 0

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары Чыңгыз Айтматовду даңазалаган адабий кече уюштурушту. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Замира Нурдинова билдирди.

ОКУУЧУЛАР ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ДАҢАЗАЛАШТЫ

Анын айтымында, «Кыргыз ааламы — Чыңгыз ааламы» аталышындагы иш-чарага мектептин 11-классынын окуучулары катышты. Алар улуу жазуучуну даңазалап, чыгармаларынан үзүндү аткарып, дүйнө залкарларынын Ч.Айтматовго карата айтылган уюткулуу сөздөрүн айтып беришти. Мындан сырткары сахнанын жасалгасына өзгөчө көңүл бурулган.

ОКУУЧУЛАР ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ДАҢАЗАЛАШТЫ

— Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий кече уюштурдук. Кечеде «Энелердин арманы» деген темада ар бир чыгармаларынан үзүндү аткарылды. Көркөм окуулар жана чыгармаларга арналган ырлар ырдалды. Залкар жазуучуну даңазалоо башкы максатыбы, — деди ал.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер