ОКУУЧУЛАР АЙЫЛЫН ТАЗАЛАШТЫ

  • 08.10.2018
  • 0

Жумгалдын Миң-Куш айылынын аймагы А.Ибраимов атындагы орто мектебиндеги окуучулар парламентинин демилгеси менен тазаланды. Бул үчүн окуучулар өздөрү уюштурган иш-чаралардан 2480 сом чогултушкан.

ОКУУЧУЛАР АЙЫЛЫН ТАЗАЛАШТЫ

ОКУУЧУЛАР АЙЫЛЫН ТАЗАЛАШТЫ

Бул сумма айылдагы «Таза коом» акциясына өз ыктыяры менен 6-11-класстардын окуучулары жана мугалимдер катышып, анын алкагында топтолгон болчу. Ал акчага айылдын аймагын ар кандай таштандылардан тазалоого керектүү каражаттарды алышкан. Натыйжада Миң-Куш айылынын 21-аянтчасындагы негизги көчөлөр жана эс алуучу жайлар тазаланып, жалпы 200 баштык таштанды чогултулган

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер