ОКУУЧУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

  • 24.01.2019
  • 0

Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Ырыскүл Данияр кызы «Аракет» олимпиадасынын республикалык турунда 2-орунду алды.

ОКУУЧУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучулары арасында математика, кыргыз тили жана англис тили боюнча биринчи республикалык олимпиада өткөрүлүп, анда 1-орунду ээлеген окуучуларга «Acer» үлгүсүндөгү ноутбук, 2-орунга «DQ» планшети, 3-орунга 5000 сом акчалай сыйлыктар коюлган.

Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Ырыскүл Данияр кызы кыргыз тили боюнча республикалык олимпиадада 19,5 упай менен 2-орунду ээледи. Аны кыргыз тили мугалими Айнура Айткулова даярдаган. Рыскүл Данияр кызы райондук олипиадада 89 упай алып, облустук одимпиададан 45 упай топтогон.

Рыскүл республикалык олимпиададан 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана планшет менен сыйланды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер