ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ: ФИНАЛ ОШ ШААРЫНДА

  • 31.01.2019
  • 0

“Атам, апам жана мен – окурман үй-бүлө” аттуу окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган шаардык сынактын жыйынтыктоочу этабы 1-февралда Ош шаарындагы № 22 С. Шарипов атындагы мектебинде өтөт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аталган иш чараны Ош шаарынын мэриясы жана USAIDдин “Келгиле, окуйбуз!” долбоору менен биргелешип уюштурууда.

ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ: ФИНАЛ ОШ ШААРЫНДА

 

Бул иш чарага сынактын финалына өткөн окуучулардан жана алардын ата-энелеринен турган беш тайпа катышат. Алар ролдоштуруп сценка аткаруу, чыгармалардын картасын түзүү, сөздөн сөздөрдү куроо, жомоктордогу каармандардын аты боюнча викториналык суроолорго жооп берүү, берилген макал-лакаптарды чечмелөө жана чыгармаларга байланышкан түрдүү суроолорго жооп берүү боюнча күч сынашмакчы.

Сынак өткөн жылдын соңунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналуу менен башталып, окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында  ата-энелердин жана коомчулуктун мектеп менен кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган. Бул сынак 50 мектептин 300дөн ашык башталгыч класстын окуучуларынын катышуусу менен өткөн жылдын декабрь айында мектептик баскычы уюштурулган.

“Ата-энелердин мектеп менен болгон кызматташтыгынын зор маанилүүлүгүн көрсөтүүдөн тышкары, биз ата-энелердин салмактуу ролун баса белгилеп үй-бүлө окуу маданиятын өркүндөтүүгө умтулабыз», — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Асанов.

ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ: ФИНАЛ ОШ ШААРЫНДА

4-класстын окуучусунун апасы жана сынактын катышуучусу Нурсейида Аракеева: “Мага көнүгүүлөр абдан жакты. Мен балам менен кайсы көндүмдөрүнө көңүл буруп чогуу жакшыртуунун үстүндө иштешим керек экенин билип алдым. Мен мындан ары баламдын окуу сабаттуулугун өркүндөтүү жолдору тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, ушундай класстан тышкары окуу иш-аракеттерине катышам жана балам менен чогуу окуганга көбүрөөк убакыт бөлүүгө аракет кылам” — дейт.

Бул иш чара USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан демилгеленген. «Келгиле, окуйбуз!» долбоору – 1-4-класстардын окуучуларынын базалык окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган, 9,9 млн. АКШ доллардык бюджетке ээ демилге.

ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ: ФИНАЛ ОШ ШААРЫНДА

Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги менен чогуу өлкөдөгү 900 мектеп менен иштейт, 8000 ашуун мугалимдер, мектеп директорлору жана башка кызматкерлер үчүн башталгыч класстарда окууну үйрөтүүнүн алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбасы менен жакындан тааныштыруу максатында тренингтерди өткөрөт.

Долбоор мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин жана мектеп жетекчилигинин окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган дараметин жогорулатуу,  башталгыч класстардын окуучуларынын курагына, классына ылайык сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылууга умтулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер