ОГПИНИН ЯПОНИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ АРТУУДА

  • 24.01.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна Япония өлкөсүнөн коноктор келип, окуу жай жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

ОГПИНИН ЯПОНИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ АРТУУДА

Япониянын ири компанияларынан  келген өкүлдөр  окуу жай менен Япониянын мындан аркы  байланышын бекемдеп, карым-катнашын арттыруу максатында келишип, бир топ маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошону менен бирге учурда япон тили курсунда билим алып жаткан студенттерди Японияга практикага жөнөтүү, жумушка жайгаштыруу иштерин жакшыртуу боюнча  жеңилдетилген келишимдер каралды.

Мындан тышкары студенттерге Япониянын тарыхы тууралуу япон тилинде бир топ жеңилдетилген китептерди жана анимелерди белек кылуу менен, мындан ары окуу материалдары менен камсыз кылып тураарын айтышты. Ошондой эле алдыда Япон-медиа классын ачуу планы ишке ашаарын белгилей кетишти.

Белгилей кетсек, институттун алдында ачылган “Японияга жумушка орноштуруу” борбору бир жылдан бери алгылыктуу иштерди жүргүзүп, ал арада Кыргызстан менен Япониянын байланышын бекемдөө, студенттерди аталган өлкөгө жөнөтүү иштери жүзөгө ашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер