ОГПИДЕ МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 09.10.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанат болуп өттү.

ОГПИДЕ МУГАЛИМДЕРДИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарада окуу жайдын ректору Б.Зулуев профессордук-окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап, өз жумушунда алгылыктуу эмгектенип жаткан окутуучуларга инститтун сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле билим берүү тармагына мыкты салым кошуп келе жаткан жана райондордогу мектеп мугалимдерине усулдук жактан көмөк көрсөтүп жаткан окутуучулар министрликтин, Жогорку Кеңештин, облустук админстрациянын жана мэриянын сыйлыктары менен сыйланышты.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү атайын кесип ээлери үчүн даярдалган концерттик программа менен коштолуп, ырчы агай-эжейлер, таланттуу студенттер тарабынан майрамдык маанай тартууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер