ОГПИ ЖАТАКАНАСЫН ӨЗДҮК ЖЫЛЫТУУГА ӨТКӨРДҮ

  • 22.01.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  студенттик жатаканасына жаңыдан жылуулук берүү системасы тартылып, ишке кирүү алдында турат.

ОГПИ ЖАТАКАНАСЫН ӨЗДҮК ЖЫЛЫТУУГА ӨТКӨРДҮ

Учурда эки имараттан турган жатаканага бардык тиешелүү жылуулук берүүчү каражаттар, заманбап печкалар орнотулуп, соңки иш-аракеттер жүрүүдө. Буюрса, кышкы каникулдан келген жатакананын жашоочуларына жакшы жаңылык болот.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын ноябрь айында окуу жайдын өздүк жылуулук берүү борбору жаңыдан ишке кирип, окуу имараттарын толук жылуулук менен камсыздаган. Эми пландын негизинде студенттик жатаканага да түтүкчөлөр тартылып, жашоочуларга ыңгайлуу  шарттар жаралды. Жатакана буга чейин электр энергиясынын жардамында  жылуулук менен камсыздалып келген.

Бөлүшүү

Комментарийлер