НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ: «БИРГЕЛИКТЕ БИЛИМГЕ УМТУЛГАНДА ГАНА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШЕ АЛАБЫЗ»

  • 10.01.2023
  • 0

Бүгүн, 10-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесине барды.

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ: "БИРГЕЛИКТЕ БИЛИМГЕ УМТУЛГАНДА ГАНА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТИШЕ АЛАБЫЗ"

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө бөбөктөр менен жолугуп жатканына кубанганын айткан Төрага, жамаатты жана балдарды майрамы менен куттуктады.

«Жаңы жылдын алдында билим берүү мекемесинин атынан кайрылуу түшүп, компьютерге муктаждык бар экени айтылган. Андыктан кайрылууга кайдыгер карабай, бөбөктөргө зарыл болгон заманбап компьютерлерди алып келдик. Бул жерде тарбияланып жаткан балдарга кам көрүү баарыбыздын милдетибиз. Бүгүнкү берилген белек, келечекке жасалган инвестиция экени талашсыз чындык», — деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышкан Төрага: «Бала бакчада жылуулук, тазалык жана мээримге толгон жакшы маанай бар экени көрүнүп турат. Бул башкы артыкчылык. Биздин бүгүнкү жумушчу сапарыбыз акыркысы эмес. Дайыма келип, ушундай атайын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тез-тез кабар алып турабыз», — деди. Буга мисал катары жакында Сокулук районунда жайгашкан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборуна да барып келгенин эске салган Нурланбек Шакиев алардын да муктаждыгын канаттандырып, кичи автобус тапшырганын кошумчалады.

«Бардык балдар, айрыкча ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр толук билим алуусу кажет. Биз бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, биргеликте билимге умтулганда гана ийгиликке жетише алабыз», — деген Төрага мекеменин жамаатына түйшүктүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Алсак,  №48 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинде начар уккан, интеллектуалдык өнүгүүсү төмөн, сүйлөө кеби начар өнүккөн 3 жаштан 7 жашка чейинки курактагы балдар тарбияланат. Жалпы балдардын саны 222.

Эскерте кетсек, Төраганы депутат Шайлообек Атазов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрдү.

ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер