НУРКУЛОВ КЫРГЫЗБАЙ

  • 20.01.2023
  • 0

НУРКУЛОВ КЫРГЫЗБАЙ

Кыргызстандын билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. 2023-жылдын 1-январында 97 жаш курагында бүтүндөй өмүрүн кыргыз билим берүүсүнө арнаган ардагер мугалим Нуркулов Кыргызбай Уразалиевич дүйнө салды.

Нуркулов Кыргызбай 1926-жылы 21-январда Ала-Бука айылында төрөлгөн. 1940-жылы Кассан-Сай районунун Крупская атындагы мектебинен 4-класстан бүткөндөн кийин эмгек жолун 1941-42-жылдары Кассан-Сай райондук суу чарбачылыгында күзөтчүлүктөн баштаган. 1943-1944-жылдары Социализм колхозунда табелчи болуп иштеген. 1945-1948-жылдары Наманган айыл чарба техникумунда окуп, 1949-жылы Ала-Бука сельхозунда зоотехник болуп иштеген. 1949-1951-жылдары Наманган мугалимдер институтунда окуп, агартуучулук жолун 1951-52-жылдары Кассан-Сай районунда мугалим, 1952-53-жылдары Ала-Бука районундагы Социализм мектебинде директор, кийин Наманган облОНОсунда инспектор кызматын аркалаган. 1954-56-жылдары Ала-Бука орто мектебинде мугалим, андан кийин Ала-Бука районундагы Кызыл мектебинде директор, 1959-1962-жылдары Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын татыктуу аркалаган.

1963-жылы Ала-Бука райком партиясында завпарткабинет, 1963-жылдан 1968-жылга чейин Ала-Бука орто мектебинде директор болуп иштесе, андан кийин Ош областтык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтун үч жыл жетектеген. 1972-74-жылдары агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун Ала-Бука райондук комитетинин төрагасы, кийинки беш жылда Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмүн жетектеген. 1985-89-жылдары пенсияга чыккандан кийин дагы Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернатын мыкты жетектеп берген. Андан кийин Балтагулов атындагы орто мектепте география мугалими, 1990-1993-жылдары Ала-Бука райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Анын билим берүүдөгү эмгеги бааланып, “Ардак белгиси” ордени, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамы ыйгарылган. Ал СССРдин эл агартуусунун отличниги жана бир канча медалдар менен сыйланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер