НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛДЫ

  • 17.03.2023
  • 0

Бүгүн №98-Байланыш жана маалымат технологиялар лицейинде Нооруз майрамына карата иш-чара болуп өттү.
НООРУЗ МАЙРАМЫНА АРНАЛДЫ

Майрамдык иш-чарада бир катар конкурстар уюштурулуп, окуу жайдагы ар бир тайпадан куралган студенттер «Кыз-жигит сармерден» айтышын тартуулашты.

Нооруз майрамын утурлай уюштурулган:
«Эң мыкты көл өнөрчүлүк», «эң мыкты дубалгазета» жана «эң мыкты улуттук тамак» сынактары өз максатына жетип, калыстар тобунун жардамы менен жеңүүчүлөр тандалып, сыйлыктар тапшырылды.
Ал эми «Кыз-жигит сармерден «айтышы дээрлик үч саатка созулуп, кыргыз улутунун руханий-маданиятын чагылдырган салттар көргөзүлүп, макал-лакаптар айтылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Фархат КАНЫБЕКОВ «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер