НООКЕНИМ МЕНИН МЕКЕНИМ, 90 ЖАШТА ЭКЕНСИҢ!

  • 29.10.2018
  • 0

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  «Ноокеним менин мекеним, 90 жашта экенсиң!» аттуу окуучулардын илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Биринчи туру ар бир айыл аймакта өткөрүлүп жеңүүчүлөр райондук турга катышуу укугуна ээ болушту. 

НООКЕНИМ МЕНИН МЕКЕНИМ, 90 ЖАШТА ЭКЕНСИҢ!Ноокен райКБКнын инспектору Т. Бакировдун берген маалыматына таянсак, райондук турга төмөнкү окуучулар катышып жана слайддар менен презентация жасашты. Алсак, № 22 Абдрахманов а.о.м. окуучусу Талантбек кызы Нуриза Ноокен районунун  тарыхы;  № 25 “Кызыл-Туу” а.о.м. окуучусу Сайпидинов Сүйүнбек Ноокен районунун санжырасы;  № 11 Э.Алиев а.о.м. окуучусу Анарбаева Акмарал Ноокен районунун белгилүү инсандары; № 6 Арал а.о.м. окуучусу Орозбеков Исабек Ноокен районунун билим берүү тармагы; №1 Ж. Бөкөнбаев а.о.м. окуучусу Бердибекова Айбике Ноокен районунун физикалык-географиялык абалы; № 13 Рахманжан а.о.м. окуучусу Тургунов Өмүрбек Ноокен районунун айыл чарбасынын өнүгүүсү жана № 10 К.Абдразаков а.о.м. окуучусу Эркиналиева Динара Ноокен районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүүсү боюнча кызыктуу презентациялары менен келгендердин купулуна толушту.

НООКЕНИМ МЕНИН МЕКЕНИМ, 90 ЖАШТА ЭКЕНСИҢ!

НООКЕНИМ МЕНИН МЕКЕНИМ, 90 ЖАШТА ЭКЕНСИҢ!

  • Жыйынтыгында № 22 Абдрахманов а.о.м. окуучусу Талантбек кызы Нуриза жеңүүчү деп табылды. II орун № 25 “Кызыл-Туу” а.о.м. окуучусу Сайпидинов Сүйүнбек, III орунга № 11 Э.Алиев а.о.м. окуучусу Анарбаева Акмарал чыкты.
  • НООКЕНИМ МЕНИН МЕКЕНИМ, 90 ЖАШТА ЭКЕНСИҢ!

Жеңүүчүлөр жана катышуучулар атайын белектер, диплом жана сертификаттар менен сыйланышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер