НООКЕНДИН МЕКТЕПТЕРИНДЕГИ ЖАҢЫ КУРУЛУШТАР
- 24.01.2019
- 0
Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагында жайгашкан № 18 Молдалиев атындагы орто мектебинде жаңы заманбап спорттук зал курулуп, пайдаланууга берилди.
Спорттук залдын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунан жана Бүргөндү айыл өкмөтүнөн каражат жумшалды.
Ачылыш аземге КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Сатыбалдиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К. Нышанов, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкулов, райондогу мекеме-иш каналардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар, жаштар кеңешинин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Ошол эле күндүн экинчи жарымында Бүргөндү айыл аймагында жайгашкан № 47 Ташиев атындагы орто мектебинин кошумча жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Жаңы имараттын курулушуна стимгранттын эсебинен, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн өзүнүн жана каражаты жумшалды.
Т. Бакиров, Ноокен райКБКнын инспектору
Комментарийлер