НМУнун АГРАРДЫК ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ ПРЕСС-ТУР УЮШТУРУЛДУ

  • 22.11.2023
  • 0

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча уюштурулган пресс-тур бүгүн, 22-ноябрда Нарын шаарындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде жыйынтыкталды.

НМУнун АГРАРДЫК ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНЕ ПРЕСС-ТУР УЮШТУРУЛДУ

Долбоордун алкагында колледжде жасалган иштер менен таанышуу боюнча пресс-турга Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Мейд Арайа Виджана башында турган банктын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Алар колледждин продукция өндүрүүгө багытталган жана жергиликтүү калкка тейлөө көрсөтүүчү окуу-өндүрүштүк комплекстин иши менен таанышты. Бул окуу-өндүрүштүк комплекс Нарын облусу боюнча Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде гана бар.

Колледж заманбап лабораториялар, компьютердик класстар, китепкана, спорттук зал, техникалык жабдуулар менен жабдылган. Ошондой эле анда 2019-жылы “Алдыңкы тажрыйба борбору” түзүлгөн.

Белгилей кетсек, “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун ишинин жыйынтыктыры боюнча пресс-тур 14-15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 21-22-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер