НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ БИШКЕКТЕ

  • 21.10.2019
  • 0

Назарбаев университетинин жогорку мектебинин деканы Аида Сагинтаева трансформация доорундагы жогорку окуу жайлардын миссиясы кандай болушу керектиги жөнүндө семинар өттү.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ БИШКЕКТЕ

Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өткөн иш-чарага Кыргызстандагы 30дан ашун университеттердин проректорлору катышты.

Аида Сагинтаева санариптик трансформация доорунда университеттер үчүн жаралчу көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору, окуу жайлардын социалдык жоопкерчилигинин өзгөрүшү жана ЖОЖду башкаруу менеджменти тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУЛАРЫ БИШКЕКТЕ

Семинарга конок катары келген Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов кесиптештери менен пикир алышып, суроолоруна жооп берди.

Аида Сагинтаева Казакстандын жогорку билим берүү системасын европалык үч баскычтуу системага өткөрүү боюнча билим берүүчү жана илимий-изилдөөчү долбоорлорго, жогорку билим берүүнү интернационалдаштыруу, билим берүү саясаты жана жогорку билим берүүнү башкаруу боюнча реформаларга катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер