НАРЫНДЫКТАР ШКУнун “ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ҮЧҮН» ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ ЖӨНӨП КЕТИШТИ

  • 13.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри  Каныбек Иманалиевдин  жолдомосу менен Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы мектептин директору Казыбек Асылбеков ШКУга  (Шанхай кызматташтык уюму) мүчө өлкөлөрдүн «Жаш журналисттери үчүн» жайкы лагерине эки окуучусу менен  Кытайга сапар алды.

НАРЫНДЫКТАР ШКУнун “ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ҮЧҮН" ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ ЖӨНӨП КЕТИШТИ

НАРЫНДЫКТАР ШКУнун “ЖАШ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ҮЧҮН" ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНЕ ЖӨНӨП КЕТИШТИ

— Маанай болсо сонун, айрыкча, чет өлкөгө алгач сапарга чыккан окуучуларым Замирбек кызы Эркеайым, Жанарбек кызы Наиля үчүн абдан сонун мотивация болду. Бул сапар биз үчүн, айрыкча, жөнөкөй айылдагы, жөнөкөй мектептин окуучулары, жалпы эмгек жамааты үчүн мыкты мотивация жана колдоо катары баалайбыз. Сапарга узап жатканда Каныбек агай кеңсесинен өзү бата берип, аманат катары, иш-чара өтүп жаткан тарапка кытай тилинде жазылган «Кыргызстан» аттуу эки китебин (китеп боюнча сөз өзүнчө болот, буюрса) белек кылып берип, батасын берип узатты. Үстүбүздөгү жылдын май айындагы  Нарын облусуна барып, мектеп жетекчилери үчүн баалуу семинар өтүп кайткан иш сапарында, Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин инновациялык иштери менен таанышып, «мындай заман талабына ылайык жасалып жаткан инновациялык аракеттерди колдоого албаганда кимди колдойт элек, буюрса колдон келген жардамыбызды аябайбыз» деген Каныбек агай бүгүн батасын берип Кытайга узатты. Мындай мамиле адам үчүн өтө баалуу жана жемиштүү экени шексиз. Азыркы коомдо адамды жылуу мамиле, мотивация, шык дем берип, кызмат кылууга үндөбөсө башка жол жок, — деп жазды ФБ баракчасында Казыбек Асылбеков.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер