НАРЫНДА “БИЛИМ КЕРБЕНИ” УЛАНУУДА

  • 11.12.2018
  • 0

Нарын облусунда бир жылдан бери билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жүрүп жаткан «Билим кербенин» 6-декабрда Ат-Башы району жыйынтыктап, кезекти Нарын районуна өткөрүп берди.   

НАРЫНДА “БИЛИМ КЕРБЕНИ” УЛАНУУДА

Бул облуста билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана окуучулар арасында тарбиялык иштерди күчөтүү максатында Нарын облустук усулдук билим берүү борбору тарабынан бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Өткөн окуу жылында мугалимдер арасында өз ара тажрыйба алмашуу,  жеринен практикалык методикалык жардамдарды уюштуруу үчүн  “Билим кербени” уюштурулуп, Кочкор,  Жумгал райондорундагы бардык мектептерде мониторинг жүргүзүлүп,  жыйынтыгы облустук деңгээлде кеңейтилген көчмө методикалык кеңешмеде талкууланып, бир катар милдеттер коюлган. 2018-2019-окуу жылында тажрыйба алмашуу кербени Ат-Башы районунун билим берүү мекемелеринде улантылып, Нарын шаарынан тандалып алынган предметтик мыкты мугалимдер өз методикаларын элеттик эже-агайларга сунушташты.

— Жүргүзүлгөн иштер ар бир мектепте педагогикалык жамааттардын толук катышуусунда кызуу талкууланып, окуу-тарбия ишиндеги жетишкендиктер менен кемчиликтер ортого салынды. Бул иш-чаранын жыйынтыгы Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун Кеңейтилген коллегиялык жыйынында жалпы Ат-Башы районунун мектептеринин, бала бакчаларынын, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин, методисттеринин жана тиешелүү предметтик мугалимдердин катышуусунда кеңири талкууланып,  тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул иш-аракеттерибиздин негизги максаты – Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык окуу-тарбия иштерин облус боюнча Билим берүү стандарттарына ылайык  бирдей типке  келтирүү, мыкты иштеген алдыңкы  педагогдордун  иш-тажрыйбаларын  жайылтуу  жана  мыкты билим берүү  мекемелерин аныктап, артта калгандарын алдыңкыларга теңөө болуп саналат, — дейт Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директору  К.Мамытов.

Бөлүшүү

Комментарийлер