Нанкин технологиялык институту ОшМУ менен кызматташтыктын жаңы этабын баштады
- 22.05.2025
- 0
ОшМУ жана Кытайдын Нанкин технологиялык институтунун демилгеси менен түзүлгөн Чжэнхэ биргелешкен институту расмий түрдө ачылды. Ага институттун проректору Жу Сунцин баштаган делегация, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров, Санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректор Уларбек Молдояров, структура жетекчилери катышты.
Математика жана информациялык технологиялар институтунун базасында ачылган бул институт келечекте заманбап технологиялар жаатында билим берүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана академиялык алмашуу программаларын өнүктүрүүчү маанилүү борборлордун бири болот деп күтүлүүдө.
Мындан сырткары бүгүнкү жолугушууда “Чоң маалыматтарды анализдөө” (Big Data) багыты боюнча кош дипломдуу билим берүү келишими жетишилди. Аталган программа аркылуу студенттер бир эле учурда эки өлкөнүн — Кыргызстандын жана Кытайдын дипломуна ээ болот. Бул өзгөчө мүмкүнчүлүк дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу IT-адистерди даярдоого жол ачат.
Ал эми жакынкы келечекте аталган институтта “Жасалма интеллект” (Artificial Intelligence) багыты боюнча дагы бир жаңы адистик ачылат. Анда билим берүү заманбап технологияларга негизделген инновациялык ыкмалар аркылуу жүргүзүлүп, эл аралык талаптарга жооп берген адистер даярдалат.
Комментарийлер