“ӨНӨРҮҢ БОЛСО, ӨРГӨ ЧАП”

  • 23.11.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин администрациясы 17-ноябрь — эл аралык студенттердин күнүнө карата студенттер арасында өтүүчү “Өнөрүң болсо, өргө чап” кароо-сынагын жарыялады. Түзүлгөн шартка байланыштуу бул кароо-сынак 27-ноябрга чейин онлайн форматта өткөрүлмөкчү.

Колледждин директорунун орун басары А.Рысалиеванын берген маалыматына таянсак, кароо-сынактын максаты жана милдеттери: студенттердин эс алуусун мазмундуу өткөрүүнү уюштуруунун жаңыча формаларын издөө; алардын чыгармачылык жөндөмүн арттыруу; студенттердин маданий-массалык чыгармачылык ишмердүүлүгүн ойготуу; маданий жана тарбия иштеринин деңгээлин жогорулатуу менен студенттердин чыгармачылык кызыкчылыктарын шайкеш келтирүү; студенттердин арасындагы жамаатташуу жана жолдошчулук мамилени көтөрүү жана алардын бош убактысын өткөрүүдө кесиптик жөндөмдөрү менен көндүмдөрүн өркүндөтүү.

Кароо-сынак 1-2-3-курстар арасында өтөт. Катышып жаткан ар бир тайпа төмөндөгү аталыштар боюнча бирден номер даярдайт: Конференсье (кароо-сынактын алып баруучулары); вокалдык ырдоо (солист, дуэт, группа же хор, элдик же эстрадалык); бий (элдик же эстрадалык); аспаптарда ойноо (элдик,чыгыш же эстрадалык); оригиналдуу жанр (клоунада, цирк, ойлонулган өзгөчө номер); көркөм окуу (классикалык же автордук окуу) жана сценалык аткаруу (фольклор, театр, сценка, КВН). Тайпалардын активдүү катышуусу, номерлерди аткаруусу уюштуруу комитети тарабынан көзөмөлдөнүп, “Эң мыкты тайпа”, “Эң мыкты студент” кароо-сынагына жеңүүчүлөрдү тандоо жүргүзүлөт. Мыкты деп табылган номерлерге да өзүнчө белектер берилет. Кароо-сынактын номерлери он баллдык баа менен өлчөнөт. Мында аткаруучулук чеберчилик, артистик жөндөм, репертуардын көркөм деңгээли жана оргиналдуулугу, сценалык костюмдар эске алынат. Сыйлуу орундарды алгандар жана номинациядагы жеке номерлерге белектер, диплом, грамоталар ыйгарылат, — дейт А.Рысалиева.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер