ӨНҮГҮҮДӨН ӨКСҮГӨН НАРИСТЕ – ӨНҮКПӨГӨН ӨЛКӨНҮ ТҮЗӨТ

  • 29.11.2017
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте “Төрөлгөндөн баштап үч жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүү боюнча” Базалык стандарттары жана Колдонмо,  “Баланын төрөлгөндөн баштап 7 жашка чейинки” Өнүгүү күндөлүгү ата-энелер үчүн иштелип чыкты. Базалык өнүгүү стандарттарын жана Өнүгүү күндөлүгүн коомчулукка жеткирүү боюнча  Кыргыз Республикасындагы  ЮНИСЕФ  уюму жана  «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жер-жерлерге барып форум өткөрүп келишти. Форумга жогорку окуу жайлардан баштап жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине чейин катышты. Анткени балдар бала бакчага 2-3 жаштан, мектепке 6 жаштан баштап тартылат.  Ал эми үчкө чейинки мезгил дегеле каралбай орто жолдо  калган. Башкача айтканда,  бул жаштагы балдардын өнүгүү муктаждыктары жана керектөөлөрү эске алынбай калып, натыйжада балдардын кийинки  өнүгүүсүндөгү  өксүктөрдүн жаралышына  негиз болуп калууда. Ушулар тууралуу фонддун аткаруучу директору жана Эл аралык билим берүү долбоорлорунун эксперти  Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА  бизге маек куруп берди.

  • Догдуркүл Шаршеевна, баланы эрте жаштан өнүктүрүүнүн зарылчыгы эмнеден келип чыкты?
  • Баланын мээсинин калыптанышынын эң алгачкы мезгили, фундаменттин калыптанышы, нейрондордун өнүгүшү, коммуникативдик, эмоционалдык, интеллектуалдык пайдубалдын түптөлүшүндөгү башталгыч өнүгүү  мезгили көңүлдүн сыртында калып атат. Анткени эне-аталар менен кездешкенде алар балдардын муктаждыгын дегеле билбейт. Баланын муктаждыгын алар кийим кийгизип, курсагын ток кылса болду. Бирок алардын эмоционалдык, интеллектуалдык өнүгүүсүнүн  үстүндө  керектүү функцияларды пайдаланбагандыгы үчүн баланын жөндөмүнүн бардыгы ойгонбой калууда. Орусиянын “Лучше всех” деген  көрсөтүүсүн баарыбыз көрүп жатабыз. Ал жерден канчалык ата-эне балдарынын  кабыл алуусун эрте ойготсо, муктаждыгына карата шайкеш ыкмаларды колдонсо, ошончолук жогорку деңгээлде балдардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жакшы ийгиликтүү жол тандап берээрибизди тастыктап жатышат.

Жапон инженери Масару Ибука «3 жаштан кийин кеч» деген китебинде адамдын өнүгүү процессиндеги өзгөчөлүктөрдүн бардыгын илимий деңгээлде аныктап, далилдеген. Баланын түнт болуп, чектелип калышы, тилинин келегейи, сөз байлыгынын өспөй калышы, кандайдыр бир коомдун жигердүү мүчөсү болбой калышынын себептери ушул эрте өнүгүүгө келип такалат экен. Мына ошону эске алуу менен биздин фонд Кыргызстанда биринчи жолу мектепке чейинки билим берүү маселесин парламентте көтөрүп чыккан.  23-ноябрь 2013-жылы «Р.Отунбаеванын демилгеси» коомдук фонду тарабынан демилгеленген парламенттик угууга мен Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеп турган кезимде катышып, бул маселе кеңири талкуудан өткөндөн кийин иш башталган эле.

Эне-ата менен кездешкенде балдардын өнүгүү маселеси боюнча алар  даяр эмес экенин көрүп жүрөгүбүз өйүдү. Балага кандай китеп окуп берүү керек,  баланын тилин кантип чыгарыш керек деген суроолор чыкты. Жогорку  педагогикалык адистерди окуу жайларда  эрте өнүгүү боюнча компоненттер дээрлик аз. Ошон үчүн  эрте жаштагы балдардын базалык өнүгүү стандартын жердин баарына киргизүү, жандандыруу, ата-энелердин баланы өнүктүрүүгө болгон жоопкерчилигин жана билимин жогорулатуу максатында ар бир аймакта форум өттүк.

Эгерде балдарга өз убагыда өнүгүү муктаждыктарын чечип жана керектөөсүн канааттандыра албасак  эртең кеч болуп калат. Эрте өнүгүүдөн өксүгөн бала, мамлекеттин кубаттуу өнүгүшүнө салым кошо албайт. Ошондуктан бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң артыкчылыктуу багыттын бири  эрте жаштагы балдардын өнүгүүсүнө кам көрүү. Ушул маселенин маанилүүлүгүн басым жасоо жана саясий колдоо көрсөтүү максатында эми парламент менен бирге иш алып баруу пландалууда.

  • Стандартта эмнелер белгиленген?
  • Стандартта, мисалы, үч айлык баланын өзгөчөлүгү, анын салмагы канча болуш керек, вакцинацияга качан барган, кайсы вакцинация кайсы мезгилге коюлат, ушунун баары бар. Керек болсо, азыр динге байланыштуу балдарды эмдөөдөн баш тарткандар болуп жатпайбы. Бул боюнча дагы өзүнчө иш жүрүп жатат. Экинчи дагы бир багыт, жогорку окуу жайларда программаларын инвентаризация кылсак, эрте жаштагы тема дээрлик козголбоптур, муну ошол багытта иштеп жаткан окуу жайдын окумуштуу мугалимдер жамааты моюнга алышып, окуу пландарына  киргизүү зарылдыгын белгилешти.

— Эмне үчүн эрте жаштагы балдардын өнүгүүсүнө өзгөчө маани беришибиз керек?

—          Наристелердин эрте өнүүгүсү мамлекеттин туруктуу  келечегин аныктайт. Анткени адам ресурсунун  ийгиликтүү өнүгүү пайдубалы эрте жашында калыптанат. Канчалык пайдубал бекем болсо, калган жашоо ишенимдүү жана коопсуз болот. Бул илимий далилдеген факт. Кыргызстан башка өлкөлөр менен биргеликте өнүгүү марафондук жарышта келе жатат. Ушул өлкөлөрдүн жарышында  кубаттуулугун камсыз кыла турган негиз — бул адам ресурсу жана сапаты.

Биринчиден — сапаттуу билим. Атаандаштыкка туруштук бере турган сапаттуу билим — өлкөнүн соолбос казынасы. Соолбой  жана калыбына келе турган бир гана булак — бул адистердин билими. Мезгил инновациялык технологиялардын мезгили. Бийик билимдердин жана технологиялардын доору. Адам интеллектисинин продуктысы товарга айланган мезгил. Экинчиден — коопсуз толеранттуу коом. Баланын эрте жаш курагында алгачкы коммуникациясы, таанып билүүсү калыптанат. Улутуна, тилине, динине карабай инсандык баалуулуктар калыптанат, табиятынан бөлбөйт. Дүйнө таанымдары китеп аркылуу баалуулуктарды албаса, улуулардын, системанын камкордугун көрбөсө чектелген гана көз караш менен коомдо толук кандуу мүчө боло албайт жана  чоңойгондо бул сапаттарды калыптандыруу кеч болот. М.Ибуканын китебинде Япониянын 60-жж. аягындагы жаштардын абалына таасирдүү мүнөздөмө берген. Согуштан талкаланган Японияда 46-жылдары эрте өнүгүү кызматына  тартылбай, каралбай калган жаштардын мамлекеттик баалуулуктары чектелип, ар дайым тополоң чыгарып тургандыгын далил келтирет. Баланын калыптануу мезгилинде инсандык, улуттук баалуулуктар менен сугарылган коом түзүп бералбасак, бир эле адамды жаман  дей берсек, анын инсандык өнүгүүсүнө каршы баалуулуктарды топтоп алсак, ал өмүр бою өзгөрбөйт. Демек биз ошол жерден күрөшүшүбүз керек. Ошон үчүн бала бакчага барган наристе досунун баалуулугун билет. Аны таарынтпаганга, оюнчугун тартып албаганга, аны сыйлаганга, бир топ адамдар менен ылайыкташып бир шартта жашаганга анын көндүмдөрү калыптанат.

Кыргызстанда 100 жакын улуттар бар, эгерде бала чөйрөсүндө башка улутту көрбөсө, башка улуттун тилин, маданиятынын баалуулугун билбесе ал чектелип, бөлүнүп карама-каршылыктуу топко айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, балада жакын адамына жаман деген баалуулук калып калса,  аны мээсинен сууруп салалбайбыз. Үчүнчүдөн — өлкөнүн туруктуу кирешеси. Муну Нобель сыйлыгынын лауреаты, белгилүү америкалык окумуштуу Хикман айткан. Ошону далилдеп чыкканы үчүн Нобель сыйлыгын алган. Канчалык балдарды эрте өнүгүүгө 1 доллардан салсак  кезегинде жетиден он долларга чейин кайтарылып берилет. Бул өтө экономикалык жогорку деңгээлде пайдалуулук кирешенин жогорулугун көрсөткөн. Демек канчалык балдарга  туруктуу өнүгүүгө эрте жаштан жумшаган өлкө  — экономикалык жактан кубаттуу өлкөгө айланат.  Буга Япония толук мисал, анткени Японияда табигый ресурстары жок,  көлкүлдөгөн океандын үстүндөгү аралча. Бирок дүйнөдөгү  алдыңкы кубаттуу экономикалуу  мамлекеттердин  бири. Үч негизги талап шайкеш келген жана ошол багытты тандашкан. Бакубат өлкө, бакубат экономика, бакубат жашоо принциби ишке ашууда. Адам жашоосуна толук шарттар түзүлгөн. Бакубат жашайт, өмүр узактыгы узак. Ушул үч өзөктү: сапаттуу билим, күчтүү экономика, күчтүү ынтымактуу коом түзсөк, өзөк ушул жерде калыптанат.

  • Мисалы, көп эне-ата иш издеп чет жактарга чыгып кетишти. Балдары туугандарыныкында калды. Демек бул балдар өнүкпөй калды десек болобу?
  • Миңдеген жаштар балдарын таштап коюп, акча табам деп жумуш издеп жүрөт. Махатма Гандинин бир сөзү менен айтсам болот: “Эгерде балаң душман болсун десең, аны башка бирөөгө бактыр” деп. Албетте, ал бала эненин да, атанын дагы мээримин  көргөн жок. Канчалаган акчаны тапсаң дагы карыганда мезгил келгенде, балаңдын жылуу мээримине муктаж болгон мезгил келет!  Тилекке каршы, жылуу мээрим ала албасаң өзүң күнөөлүүсүң! Тойлорго, сайрандоого, кабат-кабат салынган үйлөрүң бир тең, күнүндө наристеңди  мээримге сугарып, өнүгүүгө  шарт түзүү бир тең. Өлүү оокатың наристенин өнүгүүдөгү өксүгүн эч качан толтура албайт. Биологиялык мээрими, байланышы болбогон бала кимге жакшылык жасайт? Адамды түрмөгө эмнеге отургузат? Баарлашууну  чектөө жана жок кылуу үчүн. Адам баарын көтөрсө болот, бирок ал баарлашуусуз жашай албайт. Адам тынымсыз өзүнүн билген-көргөнүн айтып туруш керек.

Ошондуктан дагы  кайталайм! Ата-эне жана мугалим куштун эки канаты сыяктуу бирге аракет кылбаса, наристе эч качан алыска уча албайт. Ошондуктан  биздин фонддун бардык иш-аракети жаш бөбөктөргө багытталган жана  кеч боло электе  өнүгүү шарттарын түзүүгө чакырабыз!!!

  • Эрте жаштагы өнүгүү стандарты ата-энелерге кандай жеткирилет?
  • Ата-энелер үчүн радиомектепти уюштурдук. Мыкты адистерди чакырып алып, эрте жаштагы өнүгүү стандарттары боюнча маалымат берип атабыз. Адамдын, инсандын өнүгүшүндө эки чоң канат бар, баланын бир канаты ата-эне, бир канаты агартуу системасы. Эгерде ата-энелер өздөрү билимдүү жана кызыкдар болбосо, жалгыз мугалим же врачтардын колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан кайрадан ата- энелердин аталган багыттагы компетенттүүлүгү боюнча иш-чараларды уюштуруп жатабыз.

ЮНИСЕФ тарабынан «Ата-энелер күндөлүгү»  иштелип чыкты жана ар бир эне баласынын өнүгүүсүн жана өзгөрүшүн байкоо жүргүзүүсүнө өтө керектүү маалыматтар топтолгон. Күндөлүктө бала канча салмакта, канча көлөмдө төрөлгөнү, 1 жашында кандай, 2 жашында кандай, көзү, тиши оорудубу, тиши кандай чыкты, тили кандай чыкты деп аны толтуруп отуруп, кийин күндөлүктү ал өзүнүн баласына өткөрүп берүү практикасын калыптандыруу максатында стандарты иштелип чыккан.  Эне менен атанын билгичтигин жогорулатуу боюнча радиомектепте атайын «Ата-энелерге кеңеш» деген рубрикалар иштеп жатат. Балдардын өнүгүүсүнө запкы тийбеси үчүн эне-аталарды билимге сугаралы деп аракет жасап,  «Ата-энелер мектебин» да ачтык. Тилекке каршы, аталган материалдар менен болочок энелерге жана төрөт үйүндөгү энелерге камсыз кылуу бул балдарды дагы бир сапаттуу өнүгүшүндөгү ири кадам болмок жана күн тартибиндеги маселе.

  • Сиздер тарабынан өткөрүлгөн “Бешик ырлары” кароо-сынагынын максаты эмнеде?
  • Негизи бала маалыматты үч канал аркылуу кабыл алат: туят, сезет жана жасайт. Тамганы тааныганча тыбышты өздөштүрөт. Дүйнө таанымы  тамга тааныганга чейин өсөт. Эне деген сөздөгү тамганы тааныбайт, бирок эне деп айтат жана билет. Тилекке каршы, биз балдар менен иштеп жатканда элге жеткиликтүү кучактагы мээрим менен маалыматты айкалыштырып, өнүгүүгө  шыктандарган бешик ырларынын маанисинин зорлугун, сөз байлыгын калыптандырууда, баарлашуудагы ролун аныктай турганын билебиз, бирок ырларга өтө эле жарды экенибизди билдик. Ошол өксүктү толтуруу ар бир ата-эне баланы колуна кармап, кучактап отурганда же уктатып жатканда эң жакын адамынын үнүн угуу менен магдырап уктайт жана нейрондору эч кандай стресске кабылбайт. Илгери чоң энелерибиздей ырдабай калдык. Мына ушул  элибиздин салттык мурасын жандандыралы  жана наристелерге  бешик ырлары менен мээрим төгөлү деген демилге. Мисалы, бала бакчага деле балдар уктай турган маалда бешик ырларын жаздырып койсо кандай  гана керемет! Өтө таң калычтуусу – бардыгы бала бакчалардан, мугалимдерден, айрым музыкалык жеке чыгармачылык топтордон келди. Жакын арада  жыйынтыгын чыгарабыз жана коомчулукка тартуулайбыз! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биздин Бешик ыры кароо-сынагын уюштуруудагы башкы өнөктөштөрүбүз Кыргыз Улуттук Консерваториясына жана Биринчи Кыргыз Радиосуна алкышыбызды билдиребиз!

Демек баланын кабыл алуу туюмдарына жараша айлана-чөйрөнү таануусун  шыктандыруу зарыл. Кулагын жагымдуу сөздөр, жаңы сөздөр, эртелеп китеп окуп берүү, баарлашуу, колу менен жаш өзгөчөлүгүнө жараша иштөө майда моториканын өнүгүүсүнө өбөлгө болоорун ар бир ата-эне билүүсү зарыл. Мисалы: муздак суу жана ысык суу, буурчак жана  башкаларды чоң кишинин көзөмөлдүгү алдында кармоосу. Башкача айтканда жаш курагына жараша өнүктүрүүчүлүк оюнчуктары пайдалануу  зарыл. Унутпаңыз, бала Сизди туурап өнүгөт!

  • Фонддо дагы кандай демилгелер болуп жатат?
  • Биздин фонддун артыкчылыктуу багыттары мамлекеттеги адам ресурсун сапаттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү жана коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет. Ушул багытта бир нече ийгиликтүү демилгелер ишке ашырылууда. Санап кетсек:  “Жайлоо балдар өнүгүү борборлору”, Монтессори эл аралык курстарды уюштуруу, балдарга арналган бөбөк китепчелерин чыгаруу, Балдар филармониясы, эл аралык тажрыйба таануу сапарлары, КРТдин Биринчи радиосу менен биргеликте алып барып жаткан ата-энелер үчүн радиомектеп, Гений радиоберүүсү сыяктуу көптөгөн иштер  аткарылууда. Эң акыркы жаңы  башталган демилгебиз, Бишкек шаарындагы  жаңы конуштун наристелери жана ата-энелери үчүн “Көчмө өнүгүү“  борбору өз ишин баштады.
  • “Көчмө өнүгүү борборун” уюштуруунун максаты эмнеде?
  • Кыргызстанда болгону 23% ашык балдар мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү кызматына тартылган. Дагы канча бала муктаж?  Билим берүү  жана илим министрлиги тарабынан бир жылдык мектепке даярдоо маселеси толугу менен чечилди. Ал эми дагы  мектепке чейинки өнүгүү кызматына 75% ашык балдар муктаж. Айрыкча иш издеп Бишкекке байыр алган жаштардын көбү, ички мигрантка айланышты. Плансыз уюшулган конуштардагы төрөлгөн наристелерибиз кандай шарттарда тарбияланып жана өнүгүп жатышат. Куураган куу турмуштун айынан атасы-энеси базарларга башпаанектеп, нан таап иштеп жатышат. Балдардын муктаждыгы жана өнүгүүсү боюнча ата-энелер менен кездешүүлөрдө эрте жаштагы балдарды өнүктүрүү боюнча билими, билгичтиги  жана көндүмдөрү жок экендигин баса белгилешип жатышты. Балам ооруганда гана врачтарга кайрылам, сабатсыздыгын жоюудан мектепке кайрылам, ал эми менин сабатсыздыгымды жоюуда кимге кайрылам деген жаш ата-энелер үчүн уюштурулган атайын программа. Борбор белгиленген график боюнча  эң зарыл деген багыттар боюнча иш алып барууда. Өнөктөштөрүбүз Бишкек шаарынын мэриясы жана КР Саламаттык сактоо министрлиги,  Республикалык ден соолукту бекемдөө борбору, И.Арабаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик  улуттук университетинин окутуучулары, студент-волонтерлор.

Ишти 1-ноябрдан баштадык, эки-үч ай толук ден соолук темасында болот. Ден соолук темасы бүткөндөн кийин балдарды билимге демилгелөө темасы башталат. Кантип эртелеп балдардын китеп окууга шыктандыруу  боюнча эне-аталар кандай китепти окуп бериш керек, кандай ыкмаларды колдонуш керек, ушунун баары интерактивдүү ыкма менен жүргүзүлөт. Мектепке барып, компьютерге толугу менен өнүктүрүү программаларын жүктөп, алар менен балдарды, эне-аталарды тааныштырып, интерактивдүү оюндарды пайдаланабыз. Андан кийин эстетикалык маданиятын жогорулатуу боюнча иштейбиз. Андан соң эки ай экология темасына байланат. Анткени айрым конуштун экологиялык жактан тыюу салынган өтө кооптуу жерлерде жашашат.  Бул таштандылардын тегереги, саз, мүрзөлөрдүн орду  ж.б.у.с. Бактар айдалып, чымчык сайрабай турган жерлер жок эмес. Анын зыяндыгы эмнеге алып келет? Эмне үчүн экочөйрөнү түзүү зарылдыгы чыкты?  Баланы кенедейинен баштап коопсуз шартта калыптандыруу зарыл. Андыктан зыяндуу экологиялык кубулуштар, көрүнүштөр, адамдын жоопкерсиздигинин натыйжасында келип чыккан  айыкпас дарттар, ордуна келбес экологиялык коркунучтар  боюнча эне-ата менен бирге иштелет. Андан кийин жаз келгенде активдүү өнүгүү оюндары, командалык оюндар башталат. Мунун бардыгы эне-атаны өнүктүрүү программасы болуп эсептелинет.

Өтө өкүнүчтүүсү,  ата-энелер учурда  аш-тойдон  убактысын жана каражаттары кеңири ойлонбостон жумшап, өз баласына убактысын өнүгүүсүн түптөй турган   муктаждыгын канааттандыра турган өнүктүрүүчүлүк  каражаттарды  алып берүүдөн  аянып турган мезгил келди. Өнүгүүдөн өксүгөн наристе — Өнүкпөгөн өлкөнү түзөөрүн унутпашыбыз керек. Биз наристелерге кайрымдуу жана камкор шарттарды түзө албасак, ал эртең кайрымсыз муунга айланат.  Анткени бизден кайрымдуулук көрбөсө, жаш муун кайдагы коомго ийгилик алып келмек эле?.. Ошондуктан биз баш көтөргөндөрдүн баарына үлгү, демилге катары көрсөтөбүз.

Энелер мектебин ачасыңбы, кыска мөөнөттө балдарды өнүктүрүү мектебин ачасыңбы ошонун вариантын толугу менен көрсөтүү максатында биз жеке менчик бала бакчалар ассоциациясын дагы тартып жатабыз. Жайлоо бала бакчаларында тоодон кармасак, Бишкектин боорунда туруп, өнүгүүгө тартылбай калгандарды ушул жерден уюштуруп жатабыз. Бул дагы жаңы демилге.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер