МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДАГАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК

  • 25.05.2018
  • 0

24-майда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков алдыңкы студенттер менен жолугушуп, алардын билим алган мектептерине ОшМУнун ыраазычылык каттарын тапшырды

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДАГАН МЕКТЕПТЕРГЕ ЫРААЗЫЧЫЛЫК

Жыйынга алтымыштан ашуун студенттик активдер катышты. Жолугушууда ректор студенттер менен жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар, студенттерге түзүлүп жаткан шарттар, академиялык мобилдүүлүк боюнча ой бөлүштү.

“Өзүңөрдү студенттик мезгилде реализациялап калгыла, студенттик турмуш мезгилиндеги изденүү, талбаган эмгек, билимге болгон умтулуу, коомдук, маданий-массалык иштерге активдүү катышуу, ички жана сырткы түрдүү билим берүүгө багытталган долбоорлорго катышуу келечекте мыкты адис болууга көпүрө болот. Студенттик күндөрдү мазмундуу, үнөмдүү өткөрүп, тил үйрөнгүлө. Эң негизгиси адептүү болуп, адамдык асыл сапаттарды сактагыла”, — деди ректор.

Жыйындын соңунда окууда мыкты жетишкендиктерди багындырып жана университеттик, шаардык деңгээлдеги коомдук-маданий, интеллектуалдык иш-чараларга жигердүү катышып, салым кошкон студенттердин мектептеринин эмгек жамааттарына ыраазычылык каттарын тапшырды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер