МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДАГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

  • 16.01.2019
  • 0

Ак-Суу районуна караштуу Ж.Ашубаев атындагы Маман орто мектеби жөнөкөй  айылдык мектеп болсо дагы жаңылыктардан калбай, инновациялык мектептерден кем эмес иш жүргүзүп  келатат. Бул мектеп райондогу Мамакеев атындагы инновациялык мектептин бир бутагы болуп эсептелет. 30 мугалим 336 окуучуга билим берип келатышат. Алардын бүтүрүүчүлөрүнүн алды КР Президентинин колунан грамота алып, президенттик стипендиант болсо, дагы бир бөлүгү мыкты окуп жаткандыгына байланыштуу ЖОЖдордун жетекчилигинен мектеп администрациясына ыраазычылык каттары келип турат.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ  ДАЯРДАГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

 Инновациялык мектептин катарында

Ж.Ашубаев атындагы Маман орто мектебинин директору Алтынкүл Калчаеванын мектепти жетектегенине быйыл 17 жылга жакындап калды. Ушул аралыкта  мектептин  окуу корпусунун  авариялык абалы тууралуу  КР Өзгөчө кырдаалдар, Каржы  жана Билим берүү жана илим министрилигине  чейин  жазып жатып,  жаңы типтүү мектепти курдуруу аракеттенүүсү менен республикалык бюджеттен каражат каралып, 2013-жылы 240 орундуу  жаңы мектеп ишке берилген.

— Ак-Суу районунда 100 инновациялык мектепке кирген Мамакеев атындагы гимназия-мектеби  бар. Ал мектеп  менен  тажрыйба алмашып, өздөрүнүн бутагы болуп  тыгыз байланыштабыз жана  алар  бардык жаңылыктарын бөлүшүп турушат.  Ал мектеп акыркы муундагы технологиялар менен жабдылган. Химиялык жана физикалык приборлор келип, химиялык реактивдер бар болгондуктан, окуучулар барып ал мектептен практикалык, лабораториялык иштерди өтсө болот. Ошондой эле бизге Октябрь айыл өкмөтү суранычыбызды ишке ашырып,   интерактивдүү такта беришти.  Министрлик тарабынан берилген телевизорлор да интернетке туташтырылып, интерактивдүү досканы пайдаланып,  окуучуларды  инновациялык технологияларды колдонуп окутканга мүмкүнчүлүк  ачылып жатат, — дейт А.Калчаева. — 2017-жылы  облустук  «Жылдын мыкты мектеби” деген конкурска катышып, өзүбүздүн деңгээлибизди көрсөткөндө биз инновациялык мектептердин катарында жүрүп,  1-орунду алдык. Анткени  мектепте дайыма  актуалдуу темаларга карата  семинар-тренингдердин өткөрүлүшүнүн  жакшы таасири менен   иш кагаздарыбыз, жаңылануубуз жакшы деп бааланды.

“Арис”   программасынын долбоору менен  2008-жылы ресурстук борбор түзүлгөн,  кийинки жылдары  англис жана орус тилдери кабинеттери жабдылган. Учурда мектепте менталдык арифметика, англис, орус  тилдеринен дагы кошумча  окутуу каралган. Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр колдоруна аттестат гана албастан, кошумча  дагы бир кесипке ээ болуп, сертификат алып чыкса деген ой менен кесиптик лицейлер менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

 

Атаандашуу да ийгиликке жол ачат

“Манас таануудан” окуучулар облустук таймашта үч жолу алдыңкы орундарга жетишкен, эки жолу 1-орунду  алышып,  республикалык турда жигердүү катышкандыктары үчүн баалуу белектер, диплом менен сыйланышкан. Мындан сырткары кечээ жакында эле  кылмыштуулуктун алдын алуу ж.б.у.с. иштерде чоң жардам берип келген мектеп командасы  “Милициянын жаш жардамчылары” сынагында райондук конкурста дагы  1-орунду алып келип, облустук турга   катышууга  жолдомо алышты.  Ал эми  «Бирге  окуйбуз»   КТРдагы өткөрүлгөн  теледолбоорго беш окуучу катышып, экөө жеңүүчү деп табылып, атайын медалдар  жана беш бала тең баа жеткис  китептер менен сыйланышкан  жана  республикалык сырттан өткөрүлгөн  сынактарга дагы жигердүү катышып,  дил баяндар сынагында окуучубуз  1-орунду алгандыгы үчүн  кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими Оболбекова Гүлбара эже залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сегиз томдугу менен сыйланса, “Мыкты класстык сааттын”  иштелмелери сынагында Т.Асангазиева менен Б.Дөнөнбаевалардын жиберген иштери жакшы деп табылып, ардак грамота менен сыйланышкан. Ошондой эле эки эжей тең “Жаша жер”  экологиялык  долбоордо, сүрөт  сынагында жакшы жетишкендиктерди көрсөтүшүп, быйылкы окуу жылында көркөм окуу, “Менин айылым”    ж.б. сынактарында  дагы райондо байгелүү орундарга ээ болушканын айтып кетүү парз.

Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында   ЖКнын депутаты, илимдин кандидаттары, докторлору бар. Бүгүнкү күндө философия илиминин   доктору  Карабукаев агайдын балдары чет өлкөлөрдө окуп келишкен. Өздөрүндөй Кыргызстандагы  билимдүү жаштар менен бирге,  алар жакшы окуган окуучуларга стипендия уюштуруп берип, жалпы республикалык тесттен жогорку балл  алган окуучуларга  8000 сом, ортоңкуларга 5000 сом, андан кийинкилерине 3000 сомдон  төрт жылдан бери берип келатышат.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ  ДАЯРДАГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

«Мугалимдик касиеттүү ишке ак дилден берилгендиги келечек  муундун руханий жана акыл парасаты жактан өркүндөп өсүшүнө кызмат кылаарына терең ишенем. Мугалимдин жүрөгүндө айкөлдүк менен акылмандуулук ар дайым агылып турсун» деген ыраазычылык катын БГУнун  ректору мектептин бүтүрүүчүсү мыкты окуп жатканына байланыштуу мектеп жамаатына  ыраазычылыгын билдирген. Мындай каттар башка жогорку окуу жайлардан да келип турат экен. Демек, мектеп жөнөкөй болгону менен билим сапатына өзгөчө көңүл бөлүп, изденүү менен иштеп жатканын тастыктайт.

Мыкты ашкана

Бул мектептин ашканасы эң мыкты деп табылган. Экс-президент Р.Отунбаева келип, жактырып кеткен. Ата-энелер айына 120 сомдон тамакка кошсо, Айыл өкмөтү ун менен камсыз кылып турат. Меню түзүлүп  анда сүт ботконун, тамактардын  20дан  ашык түрү  көрсөтүлгөн,  жумасына эки жолу эт менен ар түрдүү  балдарга жаккан даамдуу  тамактар жасалат.

— Биз колубузду жайып эле отурбастан,  2014-жылы  Кыргыз Өкмөтүнүн жана БУУнун  каржылоосу менен мектеп тамактануусун оптималдаштыруу  максатында   долбоор жазып,  ысык тамак бере баштаганбыз жана  окуу тажрыйба участогун уюштуруп, 20 сотых жерге картошка, сабиз, кызылча айдаганбыз. Балдарга экологиялык жактан таза жер-жемиштер менен өзүбүз камсыз кылганга аракет кылып жатабыз, — дейт Алтынкүл айым.

Сапаттык курам

Мектепте 30 мугалим эмгектенет. Технология  сабагынын мугалими Миңназарова Алмагүл автордук программа менен иштейт.

— Педагогикалык жамаатта жаш мугалимдерге насаатчы бекитебиз. Жаштарга дайыма мотивация берип, жакшы жагдай түзгөнгө аракеттенебиз  жана аларга методикалык жактан көбүрөөк жардам беребиз.   Жыл сайын өткөрүлүүчү  “Жылдын мыкты мугалими ”   сынагынын  райондук, облустук турларына катышып, мугалимдерибизден Акунова Г.,  Буланбаева Э., Өмүрканова А., Келгенбаев М., Айтиева Н., Жанузакова Г.,  Шаршеева С., Тезекова Ү., Үсөналиева Э., Асангазиева Т.  байгелүү орундарды багындыруу менен чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтып, мектептеги жаш мугалимдерге туура багыт бере алган насаатчылык иштин бар экендигин көрсөтө алышты.

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ  ДАЯРДАГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

Бүгүнкү күн эртеңки тарых  экенине баа берип  мугалимдер жамаатынын түйшүктүү ишинин сыймыктуу жыйынтыгы деп,  “Жылдын мыкты мектеби”  сынагынын облустук турунда  1-орун  жана катары менен үч жылдан бери райондук билим берүү бөлүмүнүн жүргүзгөн   мониторингге ылайык райондогу гимназия мектептеринен кийин эле  2-3-орундарды  алганбыз, — дейт мектеп директору.

 Ата-эне жана мектеп

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ  ДАЯРДАГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРДЫ  ДАЯРДАГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

Ата-энелер менен тыгыз иш алып барышат.  Ата-энелер арасында «Кана эмесе, ата-эне!», “Сармерден”  сынактарын  өткөрүп турушат, сынактарга  даярдануу убагында мугалим менен ата-эненин ортосунда тыгыз байланыш түзүлүп, ар бир иште мугалимдин зор иши, көп күчү жумшалганын жакындан таанышып, түйшүктүү ишке баа беришет.  Ата-энелерди мектепке тартуу боюнча атайын тренинг-семинарлар өткөрүлүп турат.   Ата-энелер комитети түзүлүп, “Энелер мектеби ”уюштурулган. Алар мектепке колдоо көрсөтүп  жакындан жардам берип  турушат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим», Бишкек — Каракол — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер