МЫКТЫ МУГАЛИМГЕ БАТИР, МИЛЛИОН СОМ БЕРИЛЕТ

  • 01.03.2023
  • 0

«Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү аталган жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Имананалиев “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилесин түзүүгө арналган  иш чарада айтты.

МЫКТЫ МУГАЛИМГЕ БАТИР, МИЛЛИОН СОМ БЕРИЛЕТ

Жеңүүчү аталган беш мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт. Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимге батир берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө.

Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда билим алып, беделдүү компанияларда эмгектенген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет.

Президенттин демилгеси менен социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулууда.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер