«МЫКТЫ КУРАТОР» АНЫКТАЛАТ
- 24.11.2020
- 0
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника -экономикалык колледжинин “Эң мыкты куратор” кароо-сынагы старт алды.
Окуу жайдын директорунун орун басары Адила Рысалиеванын берген маалыматына таянсак, кароо-сынактын жобосу К.И.Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжинин ТИ жана МТӨ боюнча директорунун орун басары тарабынан иштелип чыгат жана педагогикалык кеңештин чечими менен кабыл алынат.
Сынактын башкы максаты — колледждеги тарбиялык иштин сапатын жогорулатуу, окуу тайпаларынын рейтингдик көрсөткүчтөрүн аныктоо, студенттик тайпалардын куратор менен болгон байланышынын натыйжалуулугун ачып берүү, ошондой эле мыкты кураторлорго моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү болуп саналат.
— Кароо-сынакка күндүзгү окуу бөлүмүнүн бардык тайпаларынын кураторлору катышат.
Кароо-сынак эки баскычта өткөрүлөт. 1-баскыч өз ара бөлүмдөрдүн ичинде өтөт жана бөлүм башчылар бир талапкерди 2-баскычка катышууга сунушташат. 2-баскычына өткөн тайпа кураторлору комиссия мүчөлөрүнө куратордук журнал, анын ичинде өзү жетектеген тайпанын базалык көзөмөлү, студенттердин (онлайн) сабакка болгон катышуусу тууралуу маалымат, жетектеген тайпанын (онлайн) сабакка болгон жетишүүсү, окуу жылы үчүн келишимдик төлөмдөрдүн төлөнүшү тууралуу маалымат, куратордук сааттардын темалары жана аларды (онлайн) өткөндүгү жөнүндөгү чогулуштун протоколдору, тайпа менен биргеликте ар кандай иш-чараларга (анын ичинде онлайн иш-чараларга катышкандагы видеолору) катышкандыгы жана өткөргөндүгү жөнүндөгү иш баяны сүрөттөрү менен (М: музейлерге, тасмаларды көрүүгө, саякаттарга баруу ж.б. ), ошондой эле тайпа куратору болуп иштөөгө киришүүсү тууралуу документтерди жана электрондук варианттарын берүүгө тийиш, — дейт А.Рысалиева.
Комиссия жыйынтык чыгарууда студенттердин пикирин эске алат. Ошондой эле «Студенттерди чыгармачылыкка тартуу» жана «Куратордук ишмердүүлүктөгү жаңычылдыгы үчүн» номинациялар боюнча мыкты кураторлорду тандайт.
I орундун жеңүүчүсүнө директордун буйругу менен баалуу сыйлык тапшырылат жана “Эң мыкты куратор”деген наам берилет. Ал эми II, III орунду алгандарга дипломдор тапшырылат.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер