МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

  • 30.03.2023
  • 0

Ат-Башы районунун Ак Муз айылындагы Боогачы орто мектебинин адам жана коом сабагынын мугалими Байыш Абдыбеков «Мугалим» журналы уюштурган «Мыкты класс жетекчи — 2023» кароо-сынагында жеңүүчү деп табылды. Ал 111 мугалимдин ичинен суурулуп чыкты.

МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Сынак Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы, улуттук нарк” жөнүндө Жарлыгын жүзөгө ашыруу демилеси менен илимий-педагогикалык журналдын тогуз жылдык юбилейинин алкагында класс жетекчилердин кадыр-баркын жогорулатуу,  ааламдашуу мезгилинде окуучунун мугалимге, мугалимдин окуучуга, ата-эненин мектепке болгон мамилелерин жакшыртуу максатында уюштурулду. Үч айга созулуп, алты этап менен өттү.  Мугалимдерге төрт багыт: педагогика- психологиялык, кырдаалдан чыгуу, класс жетекчилик ишмердүүлүк, жалпы дүйнө таанымды текшерүү боюнча тесттер берилди. Катышуучулар онлайн форматта 15 мүнөттүк сабак өтүп, план конспект иштеп чыгышты. Жыйынтыгында, тесттен 50 пайыздан жогору балл топтогон мугалимдер сынактын финалына катышууга жолдомо алышты.

МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

  • Бул конкурс тууралуу мектеп директорунан билдим. Маалымат менен таанышсам критерийлерге жооп берет экенмин. Жакшы адамдар менен таанышып, пикирлешип, алардан алган тажрыйбам менен бөлүшсөм деген ниет менен катыштым. Окуучуларым, ата-энелер да колдоду. Чындыгында, жаңы идея, дем-күч топтодум. Буюрса, быйылкы 9-классым мектепти бүтөрдө мыкты класс жетекчи же болбосо окуучулардын коомдо өз ордун таап кетүүсү боюнча республикалык деңгээлдеги семинар өткөрсөм деген оюм бар. Сынак абдан ачык, адилет, акыйкат өттү. Тесттерди онлайн форматта тапшырып жаттык. Ким канча балл топтоп, кандай сабак өткөндүгү тууралуу маалымат бир саатта эле кайра өзүбүздүн группага жиберилип жатты. Өлкө башчынын жарлыгына ылайык, «Нарктуу үй-бүлөнүн концепциясы» деген темада сабак өттүм, — дейт Байыш Абдыбеков.

 

Мыкты класс жетекчи Боогачы орто мектебинде 25 жылдан бери эмгектенет. Бул жылдар аралыгында көптөгөн тренинг, семинарларга катышты, алтымыштан ашык сертификаты бар. Өзү да конкурста дал ушул талбай эмгектенгендигинин натыйжасында ийгиликке жеткенин айтат.

Кызыгы, агай бала кезинде артист болууну кыялданып, Искусство институтуна тапшырган. Бирок бир үй-бүлөнүн көкүрөк күчүгү төшөктө жаткан апасын таштай албай, сырттан окууга мажбур болгон. Окуу менен катар мектепке кружок жетекчиси болуп жумушка кирип, бир жыл эмгек акы  албай иштеген. Кийин лаборанттык ишти да аткарган.

  • Бала кезимде мугалимдерим мага келечекте искусство адамы болосуң деп көп айтышчу. Себеби концерттик программаларды алып барып, Манас айтып, мектепте өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышчумун. Мектепте бекер иштеп жүргөндө апам «Акчаң качан тиет» деп көп сурап жүрдү. Мен иштебей жатып, акча сурагандан уяларымды айтчу элем, — дейт мугалим.

 

МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Ошентсе да, бала кездеги кыялынан баш тартып кете алган жок. Он жылдан бери “Устат-шакирт» салттуу музыкалык борборунда да чыгармачылык менен алектенип келет. Борбордон чогулткан тажрыйбасын мектепте да колдонуп, балдарды сахна маданиятына калыптандырууга, тартынбоого, чечендик өнөргө үйрөтөт. Ар бир баланын жөндөмүнө жараша багыт берип, аларды саxнага алып чыгат, спортко жакынын спортко, кол өнөрчүлүккө үндөйт.  Ошондуктан ата-энелерден «Балам түнт эле, сүйлөп калды. Ачылды. Ийгилик жаратып жатат» деген сыяктуу ыраазычылык сөздөрүн көп угат.

  • Мага 24 саат аздык кылат. Кесиптештерим бааарына кантип жетишип жатканымды сурап, таң калышат. Кээде жумушка алаксып, түштөнүүнү деле унутуп калып, үйгө бара жатканда курсагымдын ачканын сезем, — дейт мыкты класс жетекчи.

Дайыма баланын жан дүйнөсүнө кирип, ичиндеги сезимин туюп, кырдаалдан чыгарып кеткенге аракеттенет. Эч убакта баланы кагып-силкип же аларга жаман сөз айтпайт. Буга чейин үч класска жетекчи болгон. Бүтүрүүчүлөрү агайынын атынан инстаграммдан атайын баракча ачып, мугалими, өзү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, бири-бири менен сыймыктанып келет.  Окуучуларынын урмат-сыйына ушундай мээримдүү мамилеси менен жеткен.  Сүйүктүү окуучулары эле эмес, ата-энелери да агайын жакшы көрүп, балдарына кандай кеңеш керек болсо, агайыңардан алгыла деп турушат.  Окуучулар үйүндө көйгөй жаралса агайынан кеңеш сурашат. Бир ирет окуучусун суицидден сактап калган.

МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

  • Класс жетекчилик сырымдын бири — окуучулар менен ата-баладай, достордой сүйлөшкөнүм. Маселе жаралса окуучуларым менен биргеликте чечем. Бир гана билим менен чектелбей, ар бир баланын лидерлик жөндөмүн өстүрүү үчүн жеке тапшырмаларды берип, тыгыз иштейм. Изденүүгө үйрөтөм. Кээ бир учурда «Муну кандай кылсак болот?» деп балдардан кеңеш да сурайм. Ар биринин оюн эске алам, — дейт.

Байыш агай жаштардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, телефондон алыстатуу максатында айыл, район, облустук деңгээлде көп конкурстарды өткөрөт. Окуучуларынын туулган күндөрүндө же башка майрамдарда бири-бирине белекке китеп берүүнү салтка айлантып алган. Ар кайсы фонддор, «Эдулайн» борбору менен тыгыз кызматташып, элеттик балдарды чет мамлекетке окууга жиберүүгө да шарт түзүп берет. Бүгүнкү күндө Кипрде, Россияда  16 окуучусу бюджеттик негизде  билим алууда.  Алдыңкы жылдарда айылда орус классын ачсам деген планы бар. Ага райондук маданият бөлүмүнө, Нарын, Ысык-Көлдөгү жеке менчик мектептерден чакыруу көп келет. Бирок ал өз айылындагы балдарды таштап кете албагандыктан, баарынан баш тарткан.

МЫКТЫ КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

  • Окуучуларыма өз чөнтөгүмдөн ар кандай китептерди сатып алып, белекке берип турам. Мисалы, окуучуларым «Маркумдар үнү», «Сынган кылыч» сыяктуу чоң чыгармалар менен тааныш. Атайын китеп сүйүүчүлөрдүн группасын түзүп койгонбуз, балдар китепти бири-бири менен алмашып, кезектешип окушат. Муну менен биз китеп сүйүүчүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтебиз, — дейт Байыш агай.

   Айгерим Токтобаева,  “КУТ БИЛИМ”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер