МУГАЛИМГЕ ВИДЕО-КӨЗӨМӨЛ ЗАРЫЛБЫ?..

  • 31.01.2020
  • 0

ЭКСПЕРТТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Биз бул талкууга кайдыгер карабай, билим тармагынын айрым эксперттерине суроо салып да көрдүк. Себеби мындай жаңы ишке чакан эле чөйрө эмес, жалпы ата-энелер, мугалимдер, окумуштуулар өз ойлорун айтып, талкуулап, кеңешип көрүшү парз. Чындыгында эле мугалим да бүгүнкү күндө окуучуларындай тыкыр көзөмөлгө алынууга муктажбы же ага сабак учурунда чыгармачылык эркиндик зарылбы?

МУГАЛИМГЕ ВИДЕО-КӨЗӨМӨЛ ЗАРЫЛБЫ?..

Директор көзөмөлдөөчү болбоого тийиш

 Ишенгүл Болжурова, педагогика илимдеринин доктору, профессор, коомдук ишмер:

– Бүт дүйнөдө, өзгөчө алдыңкы өлкөлөр, постиндустриалдуу коомго кирип, тарыхта адамзат көрбөгөн жаңы санариптик технологиялар, илимде, медицинада зор ачылыштар, роботтор, фантастика катарында укмуштуу көрүнүштөр болууда. Ошол алдыда турган келечекке биз жаңы муунга кандай билим, тарбия беришибиз керек деген эң маанилүү сурого жооп издеген убакыт. Бул проблема бизди гана изденүүгө түртпөстөн — көптөгөн илимпоздорду, педагогдорду, коомдук ишмерлерди жооп издегенге мажбур кылган учур. Бул регионалдуу проблема эмес — дүйнөлүк проблема болуп калды. Бул – цивилизациялык чакырыктар жана коркунучтар десе да болот.

Мындай актуалдуу проблеманы Кыргызстанда кандай жол менен чечип атабыз? Стратегиялык жактан жаңы доорго, келечекке — балдарды кандай даярдап, кандай жаңы ыкмаларды, билгичтерди, көндүмдөрдү, компетенцияларды аларга калыптандырып атабыз? Же санариптештирүүдө ар бир класска видео көзөмөл койсок, аны директор өзүнүн кабинетинен чыкпай, тиктеп турса ошол жетишкендик деп санайбызбы? Директор анда окуунун маңызын, сапатын, билимдин жаңы ыкмаларын мугалим, окуучулар менен анализбедей, жөн эле диспетчер-көзөмөлчү болуп калабы? Ал эми мектепте эки смен менен, ар бир сменде 20-30 класс-комплект окутулса, анда директор эмне болот? Жаңы кылымда мектеп башчысы – өтө такшалган, келечекти, прогрессивтүү педагогикадагы ыкмаларды жакшы билген, тажрыйбалуу методист, уюштургуч болушу парз жана милдет.

«Бөрк ал десе – баш алмай» принципти мектептерге жолотпош керек. Анткени ал жерде – жүз жолу ойлонуп, бир жолуу кесүү зарыл. Эмне үчүн мугалимге ишеним көргөзүп, аны бардык жактан колдоп, адистигин көтөрүп, методикалык жардам бергендин ордуна — Оруэлдин жазганына окшотуп, инсандыгына, адис катары мугалимге шек келтирген көзөмөл болушу керек?

Ал эми видео-көзмөлөдү залдарга, тамак ичкен жайларга, чыгып-кирген эшиктерге, мектептин короосуна койсо – бул анык «коопсуз мектеп» деген долбоорго төп келет.

Санариптештирүү дегендин приоритети – балдарыбызды жаңы билимге, ар тараптуу компетенцияларды үйрөтүү, өзгөрүп турган ыкмаларга үйрөтүү, жаңы технологияларды колдонуу, келечекке даярдоо эмеспи.

Көзөмөл эмес, жамаатта тыгыз креативтүү байланыш, ойлорду алмашуу, жаңы көз караш менен келечекке таланттуу, жөндөмдүү балдарды окутуу, өстүрүү, тарбия берүү — ушул максаттар болушу керек.

 

Видео-көзөмөл мугалимди жазалоо үчүн курал болуп бериши мүмкүн

МУГАЛИМГЕ ВИДЕО-КӨЗӨМӨЛ ЗАРЫЛБЫ?..

 Алмазбек Токтомаметов,
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти:

– Санариптештирүү жылында мектептерге, жалпы эле билим берүү уюмдарына видео-көзөмөл орнотуу жакшы көрүнүш, аны толугу менен колдойм. Балдардын коопсуздугу – билим берүү уюмдарындагы негизги маселелердин бири. Андыктан видео-көзөмөл билим берүү уюмдарынын ичинде бири-бирине ыдык көрсөтүү, бири-бирин мазактоо, шылдыңдоо сыяктуу жат көрүнүштөргө тоскоол болот.

Бирок ар бир класстын ичине мугалимди көзөмөлдөө үчүн видео-көзөмөл орнотууну анчалык колдой бербейм. Албетте, анын да айрым жакшы жактары бар. Бирок анын жакшы жагынан жаман жагы көп. Мисалы, мындай учурда мугалим өзүн эркин сезе албайт, кысылат. Экинчиден, ошол видео-көзөмөл мугалимди жазалоо үчүн курал болуп бериши мүмкүн. Эң негизгиси – бул мугалимге карата ишенимдин жоктугун көрсөтөт.

Финляндиянын билим берүүдөгү жетишкендиктеринин негизги себептеринин бири – мугалимге ишеним көрсөтүү, өз алдынчалык, эркиндик берүү.

«Финляндиялык башталгыч класстардын жаш мугалимдеринен… «мектептеги ишин таштап кетүүгө эмне себеп болушу мүмкүн?» — деп сурагам (2012). Кызыгы, дээрлик эч кимиси эмгек акынын аздыгын себеп катары айтпады. Анын ордуна алар мектепте кесиптик эркиндиги басмырланган учурларга көп тынчсызданарын билдиришти. Мисалы, мугалимдин ишин сырттан текшерүүлөр боло берсе же каржылык ресурстар сырткы баалоонун натыйжасына карап бөлүштүрүлсө, ошондо гана кесибин алмаштырууну ойлонорун айтышты» [Паси Сальберг. Фин керемети. –Б. «Китепстан», 2019. -134-б.]. Демек, жети өлчөп, бир кесели.

 

Видео байкоону орнотууда укуктук негизди эске алалы

Дүйшөн Султанкулов, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу, жазуучу:

– АКШда окуучулардын мектепте смартфонду, гаджеттерди мектепте пайдалануусуна уруксат берилбейт. АКШда, Россия Федерациясынын бардык шаарларындагы мектептерде коридор, вестибюлдарында мектептин айланасына видеокөзөмөлдөр коюлган. Финляндия мамлекетинин Хельсинки, Туруку шаарларында орнотулуп жатат. Фин өлкөсүндө туалеттерге инсандын аброюн төмөндөтпөш үчүн видеобайкоолор орнотулбайт. Ал эми класстарга, бала-бакчаларга видео көзөмөлдү орнотуп жатышат. Мектептин тегереги тосулган эмес, күзөтчү көзөмөлчүлөр да жок. Бардыгын видеокөзөмөл тейлейт.

Эми класска видеобайкоону орнотуу туурасында кеп кылсак. Мурунку СССР өлкөсүндө жашаган көпчүлүк мугалимдер класска видеобайкоону орнотууга каршы. Анткени мугалим көңүлдүн борборун сабактын ийгилиги үчүн кам көрбөстөн администрациядан коргонуу, сабактын структурасын сактоо үчүн чыгармачылык эркиндиктен ажырашы жана окуучулар менен жасалма кызматташууга өтүшү мүмкүн дешет. Демократиялык коомдогу башкаруунун принциптери, коомдун өзгөрүп жаткандыгына мугалимдер, мектеп жетекчилери толук ынаныша элек. Биздин КМШ өлкөлөрүндө дагы да болсо ашыкча административдик бийлик өкүм сүрүп келет. Андан да улуу муундагы агартуучулар өздөрү ошондой башкарууну самашат.

Эгерде видеобайкоо орнотулса, окуучулар психологиялык чыңалууда болушу ыктымал. Окуучу сабактан жооп бере албай калсам, эртең ата-энем, мугалим, мектеп администрациясы эмне дейт деп коргонууга өтөт. Эркиндиктен ажырап, видеобайкоодогу психологиялык чыңалуудан чарчап уктап калышы же ой-жүгүртүүсү токтолуп, угумуш болуп, ой-санаасы башка дүйнөгө чабыттап кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анан класска видео байкоо коюлса, мугалим ар сабак башталаар алдында видеокамераны көрсөтүп сак болгула дегендей ишаарат бериши да мүмкүн. Анда окуучулар огобетер сабакка көңүл бурмак түгүл кабыл алуусу токтойт же жан-дүйнөсүндө коркунуч, сар-санаа жаралып ой чар-тарапка кетет же бушайман болуп, көңүлгө бүлүк түшөт. Бул бир жагы.

Экинчиден, класс ичинде да окуучулар бири-бири менен же мугалим, окуучунун ортосунда кагылышуу, кайым айтышуу, сөгүнүп-сагынуу, кемсинтүү, уруп-сокмой ж.б. да болушу мүмкүн. Мындай кокустуктан кандайча кутулууга, күнөөлүүлөрдү (мугалим, терс аяк окуучу) аныктоого видеобайкоонун зарылдыгы да бардай көрүнөт. Бир эле убакытта калыстыктын шартында мугалимди же окуучуну коргообуз керек го. Бул учурда, албетте, видео байкоонун зарылдыгы пайда болот.

Класста экзамен жүрүп жатканда адилеттик-калыстыктарга көз салууда аныктоодо, тест, сочинение жазуу, текшерүү иш алууда анын жүрүшүн козөмөлдөш үчүн видео байкоого уруксат берилсе дагы жакшы болмокчу деп ойлойм.

Үчүнчүдөн, демократиянын заманында мектеп жеке мекеме эмес, сөз эркиндиги, көп пикирдүүлүк же ачыктыктын болушу да тийиш. Мындай позициядан караганда видео байкоону уюштурууга туура келет.

Төртүнчүдөн, мектеп администрациясы видеобайкоону административдик көзөмөл үчүн эмес, билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жүргүзүү керек. Турмушта башкача болушу да ыктымал. Албетте, бул учурда да кайчы пикирлер жетиштүү. Баардык мектептерде шарт-жагдай биз ойлогондой боло бербестигин турмуш көрсөтүп жатат. Ошондуктан бул маселени окуучулар, педколлектив, ата-эне, коомчулук биргелешип чечиши зарыл…

Видеобайкоону орнотуудан мурун мыйзам актылардын негизиндеги укуктук негизди эске алуубуз да керек. Эмне үчүн класс ичинде видеобайкоону орнотуу керек? Алдын ала видеобайкоону орнотуунун максат, милдеттери кайсылар, так аныкталышы зарыл. Кандай шартта пайдаланууга болот, такталышы тийиш. Видеобайкоону орнотууга окуучулар, ата-эне, педжамаат, мектеп администрациясынын, профсоюз уюмунун макулдугу, жыйындын токтому менен бекитилиши мыйзамдуу.

Мектептин айлана-тегерегин, корридордо, туалетте, вестибюлда окуучуларды коргоо, тартип-тазалыкты, өрт коркунучу, электр коопсуздугунан сактоо, бөйбүр адамдардын келиш-кетишин көзөмөлдөө үчүн албетте керек. Фейсбукта бул пикирге дээрлик бардык респонденттер макулдугун билдиришкен. Мындайча айтканда, класстан тышкары мектеп ичинде видеоролик, көзөмөл жүргүзүүгө тыйуу салууга болбостук белгилешет. Албетте мектеп ичинде мамлекеттик сыр менен байланышкан, улуттар, диний жана расалар аралык араздашууну козуткан маалыматтарды чогултууга, маалымат берүүгө жана интервью, аңгеме куруп видеоролик тартууга, эч кимге уруксат берилбейт.

Майрамбек Токторов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер